Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Сатарова: Олимпиадага баруу үчүн марафондорго катыша баштагам

© Sputnik / Асель СыдыковаМастер спорта международного класса по легкой атлетике Гульшаной Сатарова
Мастер спорта международного класса по легкой атлетике Гульшаной Сатарова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.09.2021
Жазылуу
Жеңил атлетика боюнча эл аралык класстагы спорттун чебери Гүлшаной Сатарова Олимпиада оюндарына катышуу максатында спорттун түрүн өзгөртүп, марафонго катышууга өткөнүн айтты.

Мелдештерде 1 500 метр аралыкка чуркап жүрүп, дароо марафондук дистанцияга өтүү оор болду. Мындай пикирин Гүлшаной Сатарова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Сатарова: Олимпиадага баруу үчүн марафондорго катыша баштагам

Анын айтымында, Олимпиадада 1 500 метр аралыкка лицензия алуу абдан чоң күчтү талап кылат.

"Марафондук дистанцияга өтүшүмдүн негизги максаты Олимпиада оюндарына лицензия утуп алуу болгон. Буга чейин мелдештерге 1 500 метр аралыкта чыгып келгем. Бул дисциплинада дүйнөлүк аренада абдан чоң атаандаштык бар. Болгондо да жолдомо утуш үчүн 4 мүнөт 9 секундалык чектен өтүү керек. Менин көрсөткүчүм 4 мүнөт 22 секунданы түзөт. Тиешелүү убакытты багындыруу үчүн 11-12 секунда жетпей жатат. Бул абдан оор жана чоң убакыт. Мунун баарын эске алып, марафондук жарышка катыша баштадым. Мелдештерде 1 500 метр аралыкка чуркап жүрүп, дароо марафондук дистанцияга өтүү оор болду. Жашым дагы 30дан ашып калды. Бирок дагы бир жолу мүмкүнчүлүктү сынап, максатым үчүн күрөшөм. Ал үчүн болгон күчүмдү жумшайм", — деди Сатарова.

Ошондой эле жөө күлүк балалуу болгондон кийин мурунку көрсөткүчтү кармап туруу абдан татаал экендигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0