Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Абдураимов: электромобиль өндүрүшүн ЕАЭБдин жардамы менен баштай алабыз

© Sputnik / Асель СыдыковаЗамминистра финансов и экономики КР Жарасул Абдураимов
Замминистра финансов и экономики КР Жарасул Абдураимов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.09.2021
Жазылуу
Финансы жана экономика министринин орун басары Жарасул Абдураимов ЕАЭБдин алкагында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, ири автоконцерндерди ынандырып, иштешүү мүмкүнчүлүгү бар экенин айтты.

ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин ичинен Беларусь электромобилдерди кубаттоочу станцияларды өзү куруп, троллейбустарды да өндүрүп алдыга кете баштады. Бул жаатта ЕЭКтин эл аралык техникалык регламентинин стандарты боюнча иш кылуу керек. Биз бул жагынан Беларустан тажрыйба алып жатабыз. Ал эми Россия жана Казактстанда нефть көп болгондуктан алар электромобилдерге анча кызыккан жок. Бирок аларда өндүрүштүк потенциал аябай чоң. Бул тууралуу Жарасул Абдураимов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Абдураимов: электромобиль өндүрүшүн ЕАЭБдин жардамы менен баштай алабыз

Анын айтымында, Кытай мамлекетинде 200дөн ашык электромобиль чыгарган ишкана бар.

"Мен учурунда дүйнөгө атагы чыккан ири автоконцерндер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп калдым, иштөө спецификасын жакшы билем. Электромобилдерди өндүрүүчү завод куруу оңой-олтоң иш эмес. Биз алгач унааны отвертка менен чогултуу иштерин колго алсак тез эле өнүгөбүз. Бирок ага чейин кайсы компаниянын унаасын алып келип чогултуп, канча көлөмдө чыгара аларыбызды аныкташыбыз зарыл. Мындай келишимдер өлкөгө, элге пайдасын тийгизгендей болушу керек. Электромобиль чыгаруучу заводдун курулушу Балыкчыда пландалганы абдан туура. Себеби унаанын тектиктери абдан көп, комплектацияны вагондоп поезд менен Балыкчыга алып келүү оңой. Ошондой эле Кара-Балта, Оштогу Кара-Сууга, Таластагы Маймак станциясы, Сокулуктагы Шопоковдо, Бишкек, Кантта завод курса болот. Бирок Өзбекстанга окшоп дүйнө жүзүнө аты чыккан концерндер менен сүйлөшсөк жакшы болмок. Эгер алгач унааны чогултуудан баштасак, 3-5 жылдын ичинде бул ишти жолго салып кете алабыз. Ири компаниялардын бири 2030-жылдан баштап жалаң электромобиль өндүрүүгө өтөрүн расмий маалымдады. Демек, электромобилдер абдан көбөйүп, бизге чоң концерндер көңүл бурбай, иштешпей коюшу мүмкүн. Бирок биз ЕАЭБдин алкагында сүйлөшүүлөрдү жүргүзсөк чоң автоконцерндерди ынандырып, иштешүү мүмкүнчүлүгүбүз бар", — деди Абдураимов.

Ал ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин ичинен өлкө ичинде электромобилдерди өндүрүү же чогултуу жагынан артта калып жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0