Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Иманалиев: өндүрүш өзүн акташ үчүн жылына 300 электромобиль чыгаруу керек

© Sputnik / Асель СыдыковаЗаместитель министра экономики и финансов КР Данияр Иманалиев
Заместитель министра экономики и финансов КР Данияр Иманалиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.09.2021
Жазылуу
Экономика жана финансы министринин орун басары Данияр Иманалиев Кыргызстанда электромобиль курап чыгууга мүмкүнчүлүк аз экендигин айтты.

Электромобиль чыгарууда өндүрүштү акташ үчүн орточо эсеп менен жылына 300 автоунаа чыгарып туруу керек. Мындай пикирин Данияр Иманалиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Иманалиев: өндүрүш өзүн акташ үчүн жылына 300 электромобиль чыгаруу керек

Анын айтымында, импорттолгон электромобилдердин бажы төлөмдөрүн нөлгө теңөө боюнча иштер жүрүп жатат.

"Электромобилдердин экологияга зыяны жок. Кыргызстанда электромобиль курап чыгууга мүмкүнчүлүктөр аз болгондуктан өндүрүштү акташ үчүн орточо эсеп менен жылына 300 автоунаа чыгарып туруу керек. Андай деңгээлге жетүү үчүн көп жагынан иштер жасалышы зарыл. Инвестиция тартуу боюнча да ири сүйлөшүүлөр жүргүзүлүшү шарт. Бүгүнкү күндө биргелешкен ишканаларды түзүп, өзүбүздүн рынокто чогултуу ишин колго алсак болот. 2021-жылдын декабрынан баштап ЕАЭБ уюмуна импорттолгон электромобилдердин төлөмүн жоюу боюнча иш жүрүүдө. Мындан тышкары, Салык кодексине кошумча нарк салыгынан (12%) бошотуу боюнча өзгөртүүлөрдү киргизгенбиз", — деди Иманалиев.

Ошондой эле аткаминер электромобилдерди кубаттоочу станциялардын ордун аныктоо боюна Бишкек шаарынын мэриясы менен сүйлөшүүлөр жүрүп жаткандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0