Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Эшатов: Россия ЕАЭБ өлкөлөрүнө күйүүчү майды үзгүлтүксүз жөнөтүүдө

© Sputnik / Асель СыдыковаНефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти Канат Эшатов
Нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти Канат Эшатов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.09.2021
Жазылуу
Нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти Канат Эшатов Кыргызстан Россиядан күйүүчү жана майлоочу майды экспорттук төлөм менен ташып келе баштаганын айтты.

Күйүүчү майдын баасы тоннасына 19,3 долларды түзүп, өлкөдө бензиндин баасы 1,5-1,6 сомго көтөрүлүшү мүмкүн. Анткени буга бажы төлөмү кошулууда. Мындай пикирин Канат Эшатов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Эшатов: Россия ЕАЭБ өлкөлөрүнө күйүүчү майды үзгүлтүксүз жөнөтүүдө

Анын айтымында, учурда Россиянын нефтини кайра иштетүүчү заводдору менен дүң бааны төмөндөтүү боюнча макулдашуулар жүрүп жатат.

"Россия менен Кыргызстандын ортосунда күйүүчү жана майлоочу майды экспорттук төлөмү жок (пошлинасы жок — ред.) ташып келүү боюнча өкмөт аралык келишими бар болчу. Келишимдин негизинде индикативдик баланстагы мунай өнүмдөрүнүн көлөмү боюнча атайын кол коюлуп, маселе каралып келген. Учурда мына ушул келишимдин мөөнөтү бүттү. Эми Кыргызстан Россиядан экспорттук төлөм менен бензин ташып келе баштады. Андыктан учурда күйүүчү майдын баасы тоннасына 19,3 долларды түзүп, бөлө келгенде наркы 1,5-1,6 сомго көтөрүлүшү ыктымал. Муну дүйнөдөгү былтыркы жылдын октябрь айынан берки мунай затынын кымбаттап жаткандыгы менен да түшүндүрсө болот. Нефть саткан 20 өлкө ОПЕК+ келишиминин мүчөлөрү катары бааны аныкташат. Анткени ал өлкөлөрдүн бюджети нефтиге болгон баадан көз каранды. Бензинге болгон баа көтөрүлгөнүнө карабай Россия тарап бизге берүүнү үзгүлтүккө учураткан жок. Европа мамлекеттери, Прибалтика өлкөлөрүнө да чектөө менен жеткирген Россия ЕАЭБге мүчө-өлкөлөргө мындай чара көргөн жок", — деди Эшатов.

Ошондой эле адис аткезчилик жолу менен бензин ташыгандардын санын азайтуу үчүн күйүүчү майды импорттоону темир жол аркылуу гана жүргүзүү каралганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0