Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Суранбаев: учурда республика боюнча коронавирустук "кызыл" зона жок

© Sputnik / Табылды КадырбековОорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин башкы дарыгери, эпидемиолог Султан Суранбаев
Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин башкы дарыгери, эпидемиолог Султан Суранбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.09.2021
Жазылуу
Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин башкы дарыгери, эпидемиолог Султан Суранбаев учурда республика боюнча "кызыл" аймак жок экенин айтты.

Кыргызстанда коронавирус менен ооругандар ички миграциянын күч алышынан, санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин сакталбашынан жана чет мамлекеттен туристтердин келишинен улам көбөйөт. Учурда чет элдиктер ПЧР-анализи, вакцина алгандыгы боюнча күбөлүгү менен биздин чек арага киргенден кийин саламаттыгы текшерилип, киргизилип жатат. Бул тууралуу Султан Суранбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Суранбаев: учурда республика боюнча коронавирустук "кызыл" зона жок

Анын айтымында, Кыргызстанда коронавирус менен ооруган учурлардын бир пайызы сырттан келген адамдар.

"Өткөн айларга салыштырмалуу оору жуктургандар кыйла төмөндөдү. Учурда Кыргызстанда коронавирус боюнча абал стабилдүү. Вирус 50дөн ашык адамда катталса, ал жер "кызыл" зонага кирет. Бүгүнкү күндө республика боюнча "кызыл" аймак жок. Акыркы ирет "кызыл" зонага Ысык-Көл облусу кирген эле. Азыр "сары" зонага (ооругандар 40-50гө жетпеген учурлар) өттү. Былтыртан баштап биз Кыргызстанда коронавирустун кайсы штаммы катталганын аныктоо үчүн эки өлкө менен келишим түзгөнбүз. Ошого ылайык, биздин үлгүлөрдү ар үч айда бир Новосибирскидеги "Вектор" жана Улуу Британиядагы лабораторияга жөнөтүп турабыз. Буга чейин өлкө аймагында 85,6 пайыз "британиялык" штамм катталып жаткан. Акыркы, 24-августта алган анализдин жыйынтыгы боюнча, 30 үлгүнүн ичинен 80 пайызы коронавирустун "дельта", "индиядиялык" штаммы экен. Жалпысынан өлкө аймагында "альфа", "бета", "гамма" жана "дельта" штаммы бар. Азыркы тапта ооругандардын ичинен бир жаштан 17 жашка чейинкилер жети пайызды түзөт. Калганы 18 жаштан жогорку курактагы адамдар. Ал эми илдет жуктургандардын басымдуу бөлүгү 30-60 жаштагы кишилер", — деди Суранбаев.

Эпидемиолог коронавирус сезондук оору эмес экенин белгилеп, адам көбөйгөн жерде ооругандардын саны өсүп, вирус күч аларын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0