Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Назаралиев: Москва мэриясы жашыл облигация сатууну мыкты өздөштүрдү

© Sputnik / Табылды КадырбековПрезидент ЗАО "Кыргызская фондовая биржа" Медет Назаралиев
Президент ЗАО Кыргызская фондовая биржа Медет Назаралиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.09.2021
Жазылуу
Кыргыз фондулук биржасынын президенти Медет Назаралиев облигациялардын түрлөрүн жана кайсынысы кимдер үчүн ыңгайлуу болорун санап берди.

Учурда жашыл облигациялар популярдуу болууда. Бул — түшкөн каражаты экологиялык маселелерди чечүүгө жумшалган баалуу кагаздар. Мындай облигацияларды Россиянын Москва шаарынын жетекчилиги мыкты өздөштүрүп, түшкөн каражатка шаарга экологияга зыян алып келбеген автобустарды сатып алды. Бул тууралуу Медет Назаралиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Назаралиев: Москва мэриясы жашыл облигация сатууну мыкты өздөштүрдү

Анын айтымында, өлкөнүн тиешелүү министрлиги чыгарган облигацияларга аз үстөк пайыз кошулганы менен туруктуулугу жагынан айырмаланат.

"Облигациялардын жарандарга ыңгайлуугу жана кепилдиги барын айтсак, сап башында өлкөнүн Финансы министрлиги чыгарган вексель баалуу кагаздары турат. Ал аркылуу киреше азыраак түшсө да ар кандай экономикалык кырдаалдарга болгон туруктуулугу менен айырмаланат. Анткени мамлекет өзү кепилдик берет. Бул облигацияларды көбүнесе коммерциялык банктар сатып алат. Андан кийин муниципалитет чыгарган баалуу кагаздар турат. Мисалы, жакында эле Москва шаарынын мэриясы "жашыл облигациялар" деген аталыш менен чыгарды. Андан түшкөн каражатты шаар бийлиги экологияны сактоого жумшады. Тагыраагы, күйүүчү май эмес, электр энергиясы менен жүргөн автобустарды сатып алып, калаа тургундарынын таза аба менен дем алуусуна шарт түзүп берди. Бул, албетте, облигацияны андан ары да жагымдуу таризде сатыкка чыгарууга жол ачат. Биздин чоң шаарлардын мэриялары да мына ушул тажрыйбаны колдонсо жакшы болмок", — деди Назаралиев.

Адис, мындан сырткары, корпоративдик баалуу кагаздар болорун жана бул Кыргызстанда жакшы жолго коюлганын кошумчалады.

Подкасттын толук вариантын видеодон көрүңүз:

Жаңылыктар түрмөгү
0