Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Асанканов: Алтай цивилизациясына кирген элдердин мекени — Түштүк Сибирь

© Sputnik / Асель СыдыковаДиректор Института истории, археологии и этнологии НАН КР, академик Абылабек Асанканов
Директор Института истории, археологии и этнологии НАН КР, академик Абылабек Асанканов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.09.2021
Жазылуу
Улуттук илимдер академиясынын Тарых, археология жана этнология институтунун директору, академик Абылабек Асанканов алтай тил үй-бүлөсү негизинен үч группага бөлүнөрүн айтты.

Алтай тил үй-бүлөсүнө кирген этностор негизинен үч чоң группага бөлүнөт. Алардын үчүнчүсү болгон түрк группасына япон, корей элдери кийин кошулган. Бирок бул илимде талаш жаратып келет. Бул тууралуу Абылабек Асанканов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Асанканов: Алтай цивилизациясына кирген элдердин мекени — Түштүк Сибирь

Анын айтымында, Алтай цивилизациясына кирген элдердин түпкү мекени Түштүк Сибирь болуп эсептелет.

"Алтай цивилизациясын түзгөн элдер алтай тил үй-бүлөсүнө кирет. Анда бир нече этнос бар. Алардын мекени Түштүк Сибирь болгон, улам жер которуп отуруп дүйнөнүн төрт бурчуна тарап кеткен. Илимде учурда алтай тил үй-бүлөсүнө кирген этностор негизинен үч чоң группага биригет. Моңгол группасы, тунгус-манжур жана түрк группасы. Түрк группасы ушундай жазылып калганы менен орус окумуштууларынын айтуусунда кыргыз группасы деп аталышы керек эле. Башкача айтканда, алтай тил үй-бүлөсүндөгү кыргыз тил группасы деп айтылышы керек болчу. Кызыгы, мына ушул топко ондогон жылдар мурда эле япон жана корей этностору кошулду. Алар менин студент кезимде, тагыраак айтканда, аз убакыт мурда эле өзүнчө бөлүнгөн (изолированный) тилдер деп эсептелчү жана жогорку окуу жайларда ушинтип окутулчу. Мени мугалимдерим ошентип окуткан, мен студенттерге лекцияны япон, корей элдери алтай тил түркүмүнө кирбейт деп окуткам. Бирок илимде улам жаңылануу, ачылыштар болуп турат экен. Ошондой ачылыштардын бири япон, корей элдеринин болгондо да түрк группасына кириши болду. Азырынча бул божомол менен бардык окумуштуулар макул боло элек. Илимпоздордун ортосунда дале талаш жүрүүдө",— деди Асанканов.

Академик алтай тил үй-бүлөсүнүн түрк группасына 20дан ашык этнос кирерин кошумчалады.

Подкасттын толук вариантын видеодон көрүңүз:

Жаңылыктар түрмөгү
0