Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Каарбаева: Россия-кыргыз бизнес-форуму ишкерлерге чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачты

© Sputnik / Асылбек БактыбековЗаместитель Министра сельского хозяйства, пищевой промышленности и мелиорации Кыргызской Республики Назгуль Каарбаева
Заместитель Министра сельского хозяйства, пищевой промышленности и мелиорации Кыргызской Республики Назгуль  Каарбаева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.09.2021
Жазылуу
Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин ЕАЭБ жана БДСУ иштери боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Назгүл Каарбаева Ысык-Көл облусунда өткөн III Россия-кыргыз форумунда бизнес чөйрөсү үчүн чоң мүмкүнчүлүктөр ачылганын айтты.

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн алкагында айыл чарба продукцияларын экспорттоо, инвестиция тартуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү. Мындай маалыматты Назгүл Каарбаева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Каарбаева: Россия-кыргыз бизнес-форуму ишкерлерге чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачты

Анын айтымында, айыл чарбасын кластердик өнүктүрүү – региондук экономикалык саясаттын негизи.

"2021-жылдын 19-августунда "ЕАЭБдеги бизнес-өнөктөштүк үчүн жаңы чакырыктар жана мүмкүнчүлүктөр" III Россия-кыргыз бизнес-форуму ишкерликти колдоо, бизнес чөйрөсүнө мүмкүнчүлүктөрдү түзүү боюнча жакшы жол ачты. Форумдун жүрүшүндө жетишилген макулдашуулар эки өлкөнүн ишкерлеринин кызматташуусунда жогорку натыйжаларга жеткирет деп ишенебиз. Биздеги айыл чарба жаатындагы өзгөчөлүктөр, шарттар тууралуу толук маалымат берүүгө аракет кылдык. "Айыл чарбасын кластердик өнүктүрүү – региондук экономикалык саясаттын негизи" жана "Логистикалык борборлор – региондорду өнүктүрүүнүн локомотиви" деген темаларда презентациялар жасалды. ЕАЭБ өлкөлөрүнүн алкагында айыл чарба продукцияларын экспорттоо, инвестиция тартуу боюнча да сүйлөшүүлөр жүрдү", — деди Каарбаева.

Ошондой эле адис бизнес-форумда тажрыйба алмашуу максатындагы сүйлөшүүлөр да жүргүзүлгөнүн кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0