Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Кожоев: 2024-жылга карата Караколдун саркынды суу маселеси толук чечилет

© Sputnik / Асель СыдыковаПрезиденттин Ысык-Көл облусундагы өкүлү Мирбек Кожоев
Президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлү Мирбек Кожоев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.09.2021
Жазылуу
Президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлү Мирбек Кожоев Каракол шаары КМШ өлкөлөрүнүн маданий борбору макамына ээ болгонун билдирди.

Каракол шаарында учурда үч негизги көчө жасалып жатат. Алар — Пржевальск, Токтогул жана Торгоев көчөлөрү. Бул тууралуу Мирбек Кожоев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып белгиледи.

Кожоев: 2024-жылга карата Караколдун саркынды суу маселеси толук чечилет

Анын айтымында, эки көчөгө республикалык бюджет менен Ысык-Көл өнүктүрүү фондунан акча бөлүнсө, Торгоев көчөсүн салууну толугу менен аталган фонд каржылоодо.

"Каракол шаарынын КМШ өлкөлөрүнүн маданий борбору деген макамы бар. Буга байланыштуу иш-чаралар эмдиги жылы өткөрүлөт. Мына ушунун алкагында, анан негизи эле шаар ичиндеги жолдордун абалы абдан начарлап кеткндигине байланыштуу жол куруу иштери башталды. Азырынча үч борбордук көчө салынып жатат. Пржевальск жана Токтогул көчөлөрүнө жалпысынан 357 миллион сом каралса, анын 300 миллиону республикалык бюджеттен, калганы Ысык-Көл өнүктүрүү фондунан каржыланууда. Ал эми Торгоев көчөсү толугу менен аталган фондунун акчасына жасалат. Мындан башка жолдор да бул көчөлөрдөн кийин жаңыланмакчы. Ошондой эле шаарда чоң көйгөйгө айланган саркынды суу маселеси да чечилүү алдында турат. Долбоор Азия өнүктүрүү банкынын каржылоосу менен ишке ашууда, 2024-жылы шаар толугу менен бул көйгөйдөн арылат. Ошондой эле калааны жашылдандыруу маселеси бюонча да пландарыбыз бар", — деди Кожоев.

Аткаминер шаарга көп кабаттуу үйлөрдү куруу үчүн 35 гектар жер бөлүнгөнүн, анын 17,5 гектары аукционго коюлганын, долбоор боюнча 109 миң чарчы метр курулуш салынышы керектигин кошумчалады.

Подкасттын толук вариантын видеодон көрүңүз:

Жаңылыктар түрмөгү
0