Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Ашымов: мамкызматкерлерди баалоо системасын өзгөртүү зарыл

© Sputnik / Табылды КадырбековМамлекеттик кадр саясаты боюнча эксперт Самат Ашымов
Мамлекеттик кадр саясаты боюнча эксперт Самат Ашымов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.09.2021
Жазылуу
Мамлекеттик кадр саясаты боюнча эксперт Самат Ашымов мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин ишин баалоо системасында бир топ мүчүлүштүктөр бар экендигин айтты.

Мамлекеттик катардагы кызматкерге дем берген кадамдар болушу керек. Максаты — ишин баалоо. Биздин ушул система формалдуу түрдө эле жүрүп, мыйзамда көрсөтүлгөн эрежелер сакталбай калды. Бул тууралуу Самат Ашымов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Ашымов: мамкызматкерлерди баалоо системасын өзгөртүү зарыл

Анын айтымында, Мамлекеттик кадр кызматынын ишмердүүлүгүн күчтөндүрүү зарыл.

"Кыргызстан эгемендүүлүктү алганы жетишкен жакшы иштеринин бири мамлекеттик кадрларды иргеп, конкурс аркылуу кабыл алган Кадр кызматын түзгөндүгү болду. Бирок, тилекке каршы, соңку учурда бул органдын да мүмкүнчүлүктөрүн чектеп жатабыз. Кайсы бир мамлекеттик кызматка келген адамга эки нерсе дем берет. Бул — айлык акысы менен анын иши акыйкат бааланып, кызматтык тепкичтен көтөрүлүүгө жол ачылуусу. Ал үчүн мамлекеттик кызматкердин ишин баалоо системасы киргизилген. Ага ылайык, ар үч айда иши бааланып турушу керек. Ал эми тажрыйба жүзүндө ишин баалоочу адистер борбордон келип, жамааттын баарын чогултуп алып эле же жетекчинин көргөзмөсү менен фиктивдүү бүтүрүп кетип жатышат. Жакшы иштеген кызматкер төмөн упай алып, жетекчиге жакын адис жогорку баа алып калган учурлар мына ушундан келип чыгат. Анан квалификациясын жогорулатууда да чынында берилип иштеген кызматкерлерди иштин баарын жасатып, бир ордунда калтырып, ал эми "өз кишилерин" андан ары көтөрүлүүгө мүмкүнчүлүктөрдү берген башкармалар да жок эмес. Мына ушунун баарын жоюу үчүн толугу менен санариптештирүү системасына өтүшүбүз керек. Адам фактору кызматкердин ишин баалабай, баарын техника аткарып калганда гана коррупциядан арылып, мамлекеттик кызматтарга татыктуу кадрлар келип баштайт", — деди Ашымов.

Ал мындай көрүнүштөр өзгөчө аймактарда курч байкаларын кошумчалады.

Подкасттын толук вариантын видеодон көрүңүз:

Жаңылыктар түрмөгү
0