Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Усеналиев: аралыктан окутуу жүргүзүлгөн эки жылда 1 700 сабак тартылды

© Sputnik / Табылды КадырбековНачальник Управления дошкольного, школьного и внешкольного образования Министерства образования и науки КР Марат Усеналиев
Начальник Управления дошкольного, школьного и внешкольного образования Министерства образования и науки КР Марат Усеналиев  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.09.2021
Жазылуу
Билим берүү жана илим министрлигинин Мектеп жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын башчысы Марат Усеналиев аралыктан окутууну киргизүү жеңил болбогонун белгиледи.

Аралыктан окуткан эки жылдын ичинде өлкө боюнча 2 миңден ашуун электрондук китеп түзүлдү. Бул тууралуу Марат Усеналиев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Усеналиев: аралыктан окутуу жүргүзүлгөн эки жылда 1 700 сабак тартылды

Анын айтымында, аралыктан билим берүүнүн жакшы жактарын да карап чыгуу зарыл.

"Пандемиядан улам аралыктан окутууга өтүүгө мажбур болдук. Эки жылдын ичинде анын терс жактары көп эле болду. Ошол эле учурда анын оң жактарын да карап чыгуу зарыл. Мисалы, 1 700 сапаттуу сабак тартылды, 2 миңден ашуун электрондук китеп түзүлдү. Аралыктан окутуу үчүн ар бир райондун борборунда электрондук китепкана ачылды. Мектептердин 98 пайызына интернет байланышы жеткирилди. Интернет жок аймактар диск аркылуу окуу куралдары менен камсыздалды. Мунун баарын уюштуруу үчүн жергиликтүү бийлик көмөгүн көрсөттү. Ошондой эле илим-билим каналдары ачылып, облустук телекөрсөтүүлөр дагы көрсөтүп турду. Жогорку окуу жайларга тапшыруу, республикалык олимпиадалар онлайн жүргүзүлдү. Эң башкысы — мугалимдердин квалификациясы кыйла жогорулады. Ачыгын эле айтышыбыз керек, компьютерди өздөштүрбөй жүргөн мугалимдерибиз бар болчу. Учурда алар интернетти өздөштүрүп Zoom, Telegram сыяктуу бардык платформаларды колдонууну үйрөнүштү. Реалдуу режимде ушул кошумча каналдарды иштетсек, билим деңгээлин жогорулатууга мүмкүндүк жаралат", — деди Усеналиев.

Ошондой эле ал ар кандай чогулуш, жыйындарды аралыктан өткөрүү улана турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0