Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Айдаралиев: Кыргызстанда органикалык аймактар көбөйүүдө

© Sputnik / Асель СыдыковаДиректор федерации органического движения "BIO-KG" Искендер Айдаралиев
Директор федерации органического движения BIO-KG Искендер Айдаралиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.09.2021
Жазылуу
Bio-KG органикалык кыймыл федерациясынын жетекчиси Искендербек Айдаралиев Кыргызстанда органикалык айыл чарбасына көңүл бурган аймактар көбөйүп жаткандыгын айтты.

Аймактардагы дыйкандарга органикалык чарба жүргүзүүнүн талаптарын үйрѳтүү менен сертификацияга жетишүү, бирдиктүү стандарттардын талаптарына жооп берген продукция ѳндүрүү негизги максат. Мындай маалыматты Искендербек Айдаралиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Айдаралиев: Кыргызстанда органикалык аймактар көбөйүүдө

Анын айтымында, органикалык аймак — бул BIO-KG органикалык кыймыл федерациясы тарабынан иштелип чыгып, Концепциясы бекитилген атайын ѳнүгүү долбоору.

"Биз "Органикалык аймак" долбоорун түзүүдө тоолуу райондорду карадык. Себеби айыл чарбасында химикаттарды аз колдонот. Суусу, абасы, жери таза болгондуктан толук анализдеп, байкоо жүргүзүп чыктык. Ага байланыштуу Нарын жана Талас облустарында экиден аймак, Ысык-Көлдө беш, Чүйдө бир органикалык аймак түздүк. Ар бир аймактын шарттарын, мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгып, жергиликтүү тургундар, фермерлер менен жолугуп, түшүндүрүү иштерин өткөрдүк. Органикалык айыл чарбасынын ден соолукка тийгизген таасири, пайдасы тууралуу байма-бай эл менен жолуктук. Бул, албетте, кыска убакытта ишке аша турчу долбоор эмес. 2015-жылдын ичинде органикалык аймактарда органиканын талаптарынын сакталышын текшерүү максатында жергиликтүү топтор уюштурулуп, кепилдик берүү системасынын негизинде ѳз ара баалоону жүргүздүк. Ошондой эле атайын Сертификациялоо кеңеши түзүлүп, ал Био-KG органикалык кыймыл федерациясынын органикалык стандарттарына ылайык ѳлкѳбүздүн ички рыногу үчүн жарактуу болгон сертификаттарды бере баштады", — деди Айдаралиев.

Ошондой эле адис органикалык аймактарда кайра иштетүү, күнѳскана, тамчылатып сугаруу, үрѳн базасын түзүү жана питомниктерди уюштуруу, кол ѳнѳрчүлүктү ѳнүктүрүү багыттары боюнча да окутуулар жүргүзүлүп турарын кошумчалады.

Белгилей кетсек, органикалык аймак – курчап турган чѳйрѳгѳ терс таасирин берүүчү заттарды айыл чарба иштеринде колдонбостон, органикалык ыкма менен азыктарды өндүрүү боюнча иш алып барып жаткан фермерлердин жалпы демилгеси алдында түзүлгөн бирдиктүү зона.

Жаңылыктар түрмөгү
0