Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Билимбек кызы: эртең КМШ оюндары беттешине аттанам

© Sputnik / Асель СыдыковаСеребряный призер ЧМ по борьбе среди молодежи Калмира Билимбек кызы
Серебряный призер ЧМ по борьбе среди молодежи Калмира Билимбек кызы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.09.2021
Жазылуу
Жаштар арасындагы дүйнө чемпионатынын күмүш медалынын ээси Калмира Билимбек кызы алты жашынан баштап спортко аралашканын айтты.

"2000-жылы ата-энем Баетов айылына көчүп барышкан. Ошондо үйдүн жанында эле ашар жолу менен Тайлак баатыр атындагы спорт залы ачылган. Ошол кезде атамдын карындашы Гүлжаз Капарбекова кыз-келиндер арасында күрөшүп, Кыргызстан чемпионатын бир нече жолу жеңип, Азия оюндарына чейин барып келди. Бул мен үчүн чоң стимул эле. Анын үстүнө атам спортчу болгондуктан да спортко аралаша баштадым", - деп Калмира Билимбек кызы Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Билимбек кызы: эртең КМШ оюндары беттешине аттанам

Анын айтымында, учурда ал Кыргыз мамлекеттик юридикалык университетине караштуу юридикалык колледждин 3-курсунун студенти.

"Жаштар арасындагы дүйнө чемпионатына алтын алабыз деп барганбыз. Бирок жыйынтыгында күмүш медалга ээ болдум. Финалдык беттеште беларустук спортчу Алеся Гетманова менен кез келип, 7:6 эсебинде жеңишти алдырып жибердим. Менден көп ката кетти. Тактиканы жоготуп, туура эмес чабуулдарды жасап, ортосунда утулдум деп өзүмдү бош кармап жибердим. Бирок бир гана упайга утулуп калганыма ичим ачышты. Ута турчу кыздан утулуп калдым. Ошол жерге мени коштоп барган машыктыруучум, атамдын колдоо сөздөрү көңүлүмдү жубатты. Кыргызстанга келип элдин колдоосун көрүп абдан сүйүндүм. Негизи мен алты жашыман баштап спортко аралаштым. Башында кыздар арасында спарринг-өнөктөш жок болгондуктан эркек балдар менен күрөшүп, мелдештерге катышып келгем. Алгач Нарын облусунда өткөн беттеште 22 килограмм салмакта эркек балдар менен күрөшүп, үчүнчү орунду алгам. Ошентип отуруп балдар арасындагы Нарын биринчилигин уттум. Бул мага чоң тажрыйба берди. Чоң беттештерге 2015-16-жылдары катышып калдым. 2018-жылдан баштап эл аралык беттештерге катышууга жашым жетти. Ага чейин Кыргызстан чемпионатын бир нече ирет жеңип келгем", — деди Билимбек кызы.

Спортчу 4-11-сентябрда Казань шаарында өтө турган КМШ оюндарына күрөштүн бардык түрлөрү боюнча балбандар катышарын айтып, команда 2-3-сентябрь күндөрү кезектеги беттешке аттанарын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0