Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Турсункулова: эркекте тестостерондун көптүгү баланын жынысына таасир этпейт

© Sputnik / Табылды КадырбековВрач-эндокринолог Гулжамал Турсункулова
Врач-эндокринолог Гулжамал Турсункулова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.08.2021
Жазылуу
Врач-эндокринолог Гүлжамал Турсункулова тестостерон гормонунун аял жана эркектин организминдеги орду тууралуу айтып берди.

Тестостерон эркектерде 10 жашынан тарта пайда боло баштайт. Бул куракта гормондун активдүү пайда болушу же тескерисинче, кечеңдеши баланын ден соолугуна кооптуу. Андыктан мындай көрүнүштү байкаган ата-энелер дароо эндокринологдорго кайрылуусу зарыл. Бул тууралуу Гүлжамал Турсункулова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Турсункулова: эркекте тестостерондун көптүгү баланын жынысына таасир этпейт

Анын айтымында, аталган гормон аялзатында 20 жаштан тарта өз функциясын аткара баштайт.

"Тестостерон түзүлүшү боюнча кичинекей, стероиддик гормон. Элдеги аталышы "эркектердин гормону". Бул жөн жерден айтылып калган эмес, анткени эркек кишилиер үчүн аталган гормондун мааниси олуттуу. Ал эркек балдарда 10 жаштан баштап пайда болот. Өспүрүм куракта эркек балдардын үнү жоон тартып, муруттары өсүп баштаганын байкайбыз, бул ушул гормон өз функциясын туура аткарып жаткандыгынан кабар берет. Бирок бат жетилген балдар бар, алар тез эле чоң кишилердей болуп чыга келишет, мындай учурда аталган гормонго анализ тапшырып койгон туура. Анткени тестостерондун аз болгону да, көп болгону да эркек организми үчүн кооптуу. Ал эми аялдарда аталган гормон 20 жаштан баштап билине баштайт, анын аз болушу эч кандай деле коркунуч жаратпайт. Ал эми көбөйүп кеткен учурда кыз-келиндерди тукумсуздукка кептеши мүмкүн. Тестостерону нормадан жогору болгон аялдардын үнү жооноюп, келбети эркек түспөлдөшүп, денесине өскөн түктөрү көбөйүп, кадыресе мурут, сакал өсө баштайт. Ал эми эркектерде көбөйүп кеткен учурда чачтын түшүүсүнө алып келиши ыктымал, бирок тестостерону көп эркектер көбүнесе уулдуу болот деп эл оозунда айтылып жүргөн кеп чындыкка дал келбейт", — деди Турсункулова.

Эндокринолог "тестос" деген латын тилинен алганда "күчтүү эркек" дегенди туюнтса, англис тилинен которгондо "күч" дегенди түшүндүрөрүн кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0