Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Насыкулов: фитнес-клуб ачуума спорт аркылуу оорудан айыгышым себеп болду

© Sputnik / Табылды КадырбековДиректор общественного фонда "Тонус" Урмат Насыкулов
Директор общественного фонда Тонус Урмат Насыкулов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.08.2021
Жазылуу
Социалдык ишкер Урмат Насыкулов максаты мүмкүн болушунча көп адамдарды спортко, сергек жашоого тартуу экенин айтты.

Мен катышкан бардык долбоорлор социалдык мүнөзгө ээ жана коомго пайда алып келет. Учурда фитнес-клуб жана "Toнус" фондун жетектейм. Максатым — мүмкүн болушунча көп адамдарды спортко, сергек жашоого тартуу. Анткени дени сак улут — өлкө өнүгүүсүнүн негизи. Дени сак адамдар көп болсо ийгиликтүү, активдүү жана бактылуу адамдар да арбын болот. Өз учурунда бул экономикага да чоң салым кошот. Мындай пикирин Урмат Насыкулов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Насыкулов: фитнес-клуб ачуума спорт аркылуу оорудан айыгышым себеп болду

Анын айтымында, ал Кыргыз-Россия Славян университетинде журналистика факультетинде окуп, кийин улуттук телеканалда "Тонус" спорттук теледолбоорун ачкан.

"Мен алсыз, кичинекей жети айлык бала болуп төрөлгөм. Ата-энем ден соолугумду чыңдоого көп күч-аракетин жана убактысын жумшашты. Кичинекей кезимде башым катуу ооруп, баш сөөктүн ички басымы (внутричерепное давление) диагнозу коюлган. 6-класста мени күрөш секциясына жиберишти. Башында бул мен үчүн жөн эле оюн болчу. Биз тоголонуп, чимирилип, күрөшүп машыкчубуз. Ошентип жүрүп баш оорум жоголуп кеткенин байкадым. Ошондон кийин салмак кошуп, күчкө келип, өзүмө ишеним пайда болду. Демек, спорт менин жашоомо пайдасын тийгизсе, анда ал башка адамдардын да жашоосун өзгөртө алат деп ойлодум. Азыр мен Кыргызстандагы фитнес индустриясында алдыңкы позицияны ээлеген фитнес-клубдун негиздөөчүсүмүн. Бул 2017-жылдан бери иштеп келе жаткан жаңы муундагы машыгуучу жай. Андан тышкары, мен жетектеген "Тонус" фонду өлкөдөгү массалык спорттук иш-чараларды уюштурат. Биринчи марафон 2016-жылы өткөрүлгөн, ага 300гө жакын адам катышкан. Ал эми акыркы "Күз деми" марафонунда 3000ден ашык адам чуркап, жалпы алганда башынан бери 20 миңден ашык катышуучу болду. Бул иш-чара кайрымдуулук мүнөздө өтүп келет. Чогулган каражаттын бир бөлүгү жүрөк оорудан жабыркаган балдарга операция жасоого жумшалган", — деди Насыкулов.

Ишкер өнүккөн мамлекеттердеги адамдар туура тамактанып, спорт менен машыккандыктан жетиштүү, бактылуу жана узак жашап жатканын айтып, биз да ушундай жашоо образын карманышыбыз керектигин кошумчалады.

Подкасттын толук вариантын видеодон көрүңүз:

Жаңылыктар түрмөгү
0