Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Токтакунов: айдоочулардын жоопкерсиздигинен кырсык көп болууда

© Sputnik / Асель СыдыковаКыргызстан айдоочуларынын жана транспорттук каражаттардын союзу" коомдук бирикмесинин төрагасынын орун басары Дүйшөналы Токтакунов
Кыргызстан айдоочуларынын жана транспорттук каражаттардын союзу коомдук бирикмесинин төрагасынын орун басары Дүйшөналы Токтакунов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.08.2021
Жазылуу
Кыргызстан айдоочуларынын жана транспорттук каражаттардын союзу" коомдук бирикмесинин төрагасынын орун басары Дүйшөналы Токтакунов жолдогу автокырсыктардын келип чыгуу себептерин санап берди.

Тажрыйбасы эки жылга жетпеген айдоочулар ылдамдыкты саатына 70 чакырымдан ашырбай айдашы керек. Бул тууралуу Дүйшөналы Токтакунов Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Токтакунов: айдоочулардын жоопкерсиздигинен кырсык көп болууда

Анын айтымында, бул жол эрежелеринде жазылып, 1000 сом айып каралган.

"Айдоочулардын көпчүлүгү жол эрежесин билбейт. Соңку 20 жыл аралыгында айдоочулар окубай эле күбөлүктү сатып алган мезгилдер болгон. Ошолор жол кырсыктарынын көп болушуна себеп болууда. Анткени алар айдаганды билет, бирок жол эрежесин биле бербейт. 2015-жылдан тарта мындай тажрыйба мыйзам менен токтотулган. Эми айдоочулук күбөлүк окутулуп, анан берилет. Бирок беш кол тең эмес экен. Автомектептер атаандаштыкка туруштук берүү үчүн болгон аракетин көрөт. Себеби начар окуткан автокурстарга кардарлар келбей коюшу ыктымал. Ошондуктан айдоочулар өз алдынча дагы аракетин көрүшү керек. Жол кырсыгынын көбөйүшүнө автомектептерди күнөөлөй берген деле болбойт. Маселен, өлкөдө автоунаа көбөйдү, бирок жол коопсуздугун көзөмөлдөөчү кызматкерлердин саны мурдагыдай эле калды. Бишкек менен Ошто гана патрулдук милиция иш алып барат. Натыйжада жол кырсыктары дээрлик аз катталууда. Мындан тышкары, техникалык кароо жеке компанияларга берилген. Башкача айтканда, мамлекет жоопкерчилик албайт. Ал эми менчик компаниялар тиешелүү деңгээлде кароо жүргүзбөйт деле. Ошондуктан бул функцияны мурдагыдай эле жол коопсуздугун көзөмөлдөгөн органга бериш керек. Жол кырсыгынын көп болуусунун дагы бир себеби — айдоочулардын маданиятынын жоктугунда. Мисалы, тажрыйбасы эки жылга жетпеген айдоочулар саатына 70 чакырымдан ашырбай айдашы керек. Бул эрежени бузгандарга 1000 сом айып каралган. Бирок аталган эреже соңку учурда сакталбай калган", — деди Токтакунов.

Ошондой эле ал жол эрежесин бузгандарга айыптын жогору болушу да абалды жакшыртууга көмөк боло турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0