Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Талантбеков: терезе, эшиктин жасалгасын "банжара" деп колдонсо болот

© Sputnik / Даниил Сулайманов"Көөнө сөз"
Көөнө сөз - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.08.2021
Жазылуу
Көйкашка" коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков "Манас" эпосунда кездешкен көөнө сөздөрдүн бирин чечмелеп берди.

Терезе же эшиктин кооздолуп жасалган кашегин "банжара" деп колдонсо болот. Бул тууралуу Нурбек Талантбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун "Көөнө сөз" рубрикасында билдирди.

Талантбеков: терезе, эшиктин жасалгасын "банжара" деп колдонсо болот

Анын айтымында, бул сөздү бир нече мааниде пайдаланууга болот.

© Sputnik / Асель СыдыковаКөйкашка" коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков
Талантбеков: терезе, эшиктин жасалгасын банжара деп колдонсо болот - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.08.2021
Көйкашка" коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков
"Эпостун саптарында "банжара" деген көөнө сөз кездешет. Ал эшик, терезенин кашектеринин тегерегине коюлуучу жыгачтан же металлдан оюу же башка формада жасалган кооздуктарды түшүндүрөт. Дагы бир маанисинде чарпая жана башка тамак ичкен атайын жайдын туш тарабынан тосулуп коюлган торду билдирет. "Манаста" "банжарасы артылып, ар кызыгы айтылып" деген саптар бар", — деди Талантбеков.

Манасчы көөнө сөздөрдү күнүмдүк турмушта пайдалануу керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0