21:12 07 Бештин айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7971
  • EUR95.6130
  • RUB1.1437

Абакирова: "Ак илбирсти сактайбыз" жарышынан түшкөн акчага эки "Нива" алынат

Радио
Кыскача шилтеме алуу
17820

Nomad Sport коомдук бирикмесинин маркетологу Айгерим Абакирова Бишкекте 26-сентябрда Snow leopard run 2021 аталышындагы эл аралык жарыш өтөрүн айтты.

Жарышта адамдарды жөн эле чурката бербестен, пайдалуу ишке себепчи болуп калсын деген максатта иш-чарадан түшкөн каражаттын жарымын кайрымдуулук иретинде Ак илбирсти жана экосистеманы коргоо боюнча глобалдык программага бөлүүнү чечтик. Алгачкы "Ак илбирсти сактайбыз" жарым марафону 2019-жылы өткөн. Бул тууралуу Айгерим Абакирова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Абакирова: "Ак илбирсти сактайбыз" жарышынан түшкөн акчага эки "Нива" алынат

Анын айтымында, 2019-жылы жарыштан түшкөн 2,8 миллион сомдун 1,4 миллионуна 32 фотокапкан сатып алынды.

"Бул жолу жарыш бир, беш, 14 жана 21,1 чакырым аралыктагы төрт дистанцияда өтөт. Ар биринин маршруту белгиленген. Ошондой эле үчтөн 10 жашка чейинки балдар үчүн 100, 200 жана 500 метр аралыкта каттоо ачылган. Старт жана финиш борбордук "Ала-Тоо" аянтында пландаштырылды. Жалпысынан 70тен ашык сыйлык берилет. Азырынча эки миңдей адам иш-чарага катышарын ырастады, бирок болжол менен алты миң спорт сүйүүчүлөрдүн катышуусу күтүлүүдө. Жарышка каттоо 15-сентябрга чейин уланат. Ал эми 5 000 киши катталган соң белгиленген күнгө чейин жабылат. Мунусунда марафондон түшкөн каражат "Нива" үлгүсүндөгү эки жолтандабас сатып алууга жумшалат. Бул ак илбирсти коргоо менен алектенген Ысык-Көл биосфералык аймагынын дирекциясынын ишине жардам берет", — деди Абакирова.

Ал жарыш учурунда коронавируска байланыштуу бардык санитардык-эпидемиологиялык нормалар сакталарын айтып, көрүүчүлөрдү иш-чараны түз эфир аркылуу көрүүгө чакырды.

Тема боюнча

80деги атам колумду сындырганда эсиме келгем. Ишкер Чыңгыз Алканов менен маек
Белгилер:
ак илбирс, сактоо, марафон, экосистема, Айгерим Абакирова

ЭҢ МААНИЛҮҮ