Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Алишеров: ЕАЭБге кирген алты жылда 174 ишкана ачылды

© Sputnik / Асель СыдыковаЭкономика жана финансы министринин орун басары Элдар Алишеров
Экономика жана финансы министринин орун басары Элдар Алишеров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.08.2021
Жазылуу
Экономика жана финансы министринин орун басары Элдар Алишеров ЕАЭБге кирген алты жылда жасалган иштер тууралуу маалымат берди.

ЕАЭБге мүчө болгондон кийин 174 ишкана ачылып, уюмдун талаптарына ылайык түзүлгөн ветеринардык реестрге катталган. Бул тууралуу Элдар Алишеров Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Алишеров: ЕАЭБге кирген алты жылда 174 ишкана ачылды

Анын айтымында, 90-жылдары ишканаларды манжа менен саноого боло турган.

"ЕАЭБге кирген алты жылдын ичинде кандай жыйынтыктарга жете алдык? Мигранттардын акча которуулары эки миллиард доллардын тегерегинде сакталып келүүдө. Пандемия учурунда азайып кетет деген кооптонуулар болгонуна карабастан өзгөрүүлөр дээрлик болгон жок. Буга уюмга киргенден кийин биздин жарандарга ыңгайлуу мүмкүнчүлүктөрдүн түзүлгөнү өбөлгө болду. Мисалга мурда мигранттар үчүн киреше салыгы 30 пайызды түзсө, азыр жергиликтүү тургундардай эле 13 пайыз төлөнөт. Ошондой эле ЕАЭБде Кыргызстандын медицина, юриспруденция, фармакология жана педагогикадан башка тармактардагы дипломдору таанылат. 2025-жылга чейин айрым көйгөйлөр чечилсе, бардык дипломдор таанылып калат деген үмүттөмүн. Мындан тышкары, өткөн жылы пенсиялык келишимге кол коюлган. Учурда айрым нормативдик документтер иретке келтирилүүдө. Ал кабыл алынса мигранттар ЕАЭБде иштеген пенсияларын ала алышат. Эми ишканаларга келсек, 90-жылдары өлкөдө көптөгөн ири жайлар жабылып, алардын санын бир колдун манжасы менен санап койсо боло турган. Уюмга киргенден кийин эмне өзгөрдү? ЕАЭБдин талаптарына ылайык, атайын жоболор камтылган ветеринардык тизме бар. Ошол реестрде учурда сүт, эт, бал, балык жана балык азыктарын жүгүртүү боюнча 174 ишкана катталып, иштеп жатат", — деди Алишеров.

Ошондой эле ал алты жыл ичинде өсүмдүктөрдү топтоп экспортко чыгарууга багытталган 17 соода-логистикалык борбор республика боюнча ачылганын белгиледи.

Подкасттын толук вариантын видеодон көрүңүз:

Жаңылыктар түрмөгү
0