Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Эшенгулов: Нарын — кууш өрөөндө аккан дарыя дегенди түшүндүрөт

© Sputnik / Асель СыдыковаТопонимист, картограф Темиркул Эшенгулов
Топонимист, картограф Темиркул Эшенгулов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.08.2021
Жазылуу
Тарыхчы-топонимист, картограф Темиркул Эшенгулов Нарын облусунун аталышын чечмелеп берди.

Айрымдар Нарын аталышы тамактын атынан келип чыккан деп жүрүшөт. Бирок жердин рельефтик шартын алып карай турган болсок бул топонимикалык терминдин келип чыгышына туура келбей калат. Мындай пикирин Темиркул Эшенгулов Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Эшенгулов: Нарын — кууш өрөөндө аккан дарыя дегенди түшүндүрөт

Анын айтымында, Нарын шаары 1868-69-жылдары негизделген.

"Нарын шаары дарыянын сол жээгинде тектирчеде жайгашып, чыгыштан батышты карай созулуп жатат. Нарын аталышы дарыяга, анын чыгышындагы тоого берилген. Дарыядан улам шаарга, кийин облуска ыйгарылган. Аталган дарыя өзү чоң Нарын жана кичи Нарын деген эки дарыядан куралат. Шаардын чыгыш тарабынан 40-45 чакырым аралыкта эки дарыя кошулуп, ал жер Эки Нарын аталып калган. Андан ары Нарын дарыясы атка конгон суу Таш-Көмүргө чейин 500 километрден ашык жолду басып өтөт. Ары карай Фергана өрөөнүнө агып кирип, Кара-Дарыя менен кошулуп, экөө биригип Сыр-Дарыяны түзөт. Эми Нарын аталышын тамакка байланыштырып жүрүшөт. Кийик уулап жүрүп, камыр салбай этти бышырып чык кошуп жеген тамактан улам келип чыккан деген божомол бар. Бирок бул жер кыртышына салып караганда туура келбейт. Анткени Нарын дарыясынын айрым жерлери абдан эле кууш, керек болсо спорттук даярдыгы бар адамдар аркы жээктен берки жээкке секирип кете ала тургандай тар, капчыгайлары бар. Ал эми кууш жер аркылуу аккан суу моңгол тилинде "нарын" деген түшүнүктү берет. Андыктан Нарын аталышын кууш өрөөндө аккан дарыя деп билсек болот",— деди Эшенгулов.

Ал грек-рим булактарынан табылган маалыматтар боюнча Нарын дарыясы тарыхта Силис деген ат менен аталганы жана XVIII кылымдан баштап орус окумуштуулары Нарин деп жазып калтырганы илимге белгилүү экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0