Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Токтошов: билим менен илимдин башкаруу түзүмүн экиге бөлүү керек

© Sputnik / Табылды КадырбековКандидат технических наук, доцент Гулжигит Токтошов
Кандидат технических наук, доцент Гулжигит Токтошов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.08.2021
Жазылуу
Техника илимдеринин кандидаты, доцент Гүлжигит Токтошов Кыргызстанда илим менен билимди бири-биринен бөлүп кароо зарылчылыгы жаралганын айтты.

Европа өлкөлөрүн, Кытай, Россияны алып карай турган болсок, билим өзүнчө министрлик, илим өзүнчө министрликке бөлүнгөн. Мындай түзүмгө биз да өтүшүбүз керек. Бул тууралуу Гүлжигит Токтошов Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Токтошов: билим менен илимдин башкаруу түзүмүн экиге бөлүү керек

Анын айтымында, өлкөдө ар бир үчүнчү жаран агартуу тармагына тиешелүү болуп чыгат.

"Мен интернет булактарындагы ачык маалыматтардын негизинде иликтөө жүргүзүп көрсөм, өлкөдө эки миллиондон ашуун агартуу тармагынын өкүлү бар экен. Бул эки миллиондон ашык кыргызстандык ушул тармакка тиешеси бар дегенди билдирет. Кыргызстан үчүн бул эбегейсиз чоң тармак. Дүйнөдө өнүккөн өлкөлөр эчак эле илимди билимден бөлүп алышты. Биз дагы мына ушул системага өтүшүбүз керек. Тагыраагы, балдарды окутуп, тарбиялоону аракети бар мугалимдерге тапшырып, алардан илимдин адамы болуусун же жогорку билимин талап кылбай эле койгон туура. Ал эми ЖОЖдон баштап илимге басым жасалуусу абзел. Башкача айтканда, билим берүү кесиптик окуу жайлар же болбосо болондук системада бакалавр менен жыйынтыкталышы зарыл", — деди Токтошов.

Окумуштуу жогорудагыдай түзүмдүн өзгөрүүсү илимдин өнүгүшүнө олуттуу таасирин тийгизерин кошумчалады.

Подкасттын толук вариантын видеодон көрүңүз:

Жаңылыктар түрмөгү
0