Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Жапаров: ЕАЭБ алкагында соода-сатык үчүн чек араларды жоюу зарыл

© Sputnik / Виталий Белоусов / Медиабанкка өтүүМинистрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.08.2021
Жазылуу
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров ЕАЭБ 75 миллиард долларга товарды үчүнчү өлкөлөрдөн ала турганын белгиледи.

Евразия экономикалык биримдигинин алкагында соода жүгүртүүдө чек араны жоюу зарыл. Бул тууралуу Акылбек Жапаров Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Жапаров: ЕАЭБ алкагында соода-сатык үчүн чек араларды жоюу зарыл

Анын айтымында, уюмдун ичинде соода-сатыкты бирдиктүү валютага өткөрүү керек.

"Айыл чарба тармагында кластерлер менен иштөө зарыл. Учурда ЕАЭБ 75 миллиарддан ашык долларга үчүнчү өлкөлөрдөн товар, анын ичинде айыл чарба азык-түлүктөрүн алат. Ошол эле учурда Кыргызстан өзүнүн азык-түлүк, жашылча-жемишин Казакстанга, Россияга экспорттой албай жатат. Мына ошол бөгөттөрдүн баарын алуу шарт. Соода жүгүртүүдө улуттук валюталарды колдонуу керек. Соңку 30 жылда өнөктөшпүз деген менен товар айлантууда долларды колдонуудабыз. Ошондуктан соода-сатыкты бирдиктүү, колдон келсе санарип валютага өткөрүү зарыл. Мындан тышкары, товар айлантууда чек арачыларды жоюуну сунуштап жатабыз. Анткени алар чек араны кайтарышы керек. Ал эми товарларды ары-бери алып өтүп жатканда бажычылар иш жүргүзсө болмок. Бирок биз бажычылар болбосун деп Бажы союзун түздүк да. Азыр Россия, Казакстандын чек арачылары 20 тонналык фуранын ортосуна 50 сантиметрлик өтө турган жер калтырууну талап кылууда. Тескерисинче, адам факторун жоюп, технологияларды колдонууга өтүү зарыл", — деди Жапаров.

Ошондой эле ал уюмдун ичинде айрым тоскоолдуктарды жоюп товардын эркин айланышына мүмкүндүк түзүү зарылдыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0