23:57 28 Тогуздун айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7974
  • EUR98.2887
  • RUB1.2024

Психолог: суткасына үч сааттан ашык интернетте отуруу — көз карандылык

Радио
Кыскача шилтеме алуу
32 0 0

Психолог Айдана Абакова социалдык тармак, интернеттен көз карандылыктан арылуу жолдорун айтып берди.

Эгер кылган иши интернетке байланыштуу болсо, анда түшүнүктүү. Бирок эч кандай жумуш аткарбай эле суткасына үч сааттан ашык убакытты социалдык тармактарга кирип, интернетте өткөрүү көз карандылыктын пайда болгонун билдирет. Бул тууралуу Айдана Абакова Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып белгиледи.

Психолог: суткасына үч сааттан ашык интернетте отуруу — көз карандылык

Анын айтымында, интернеттен көз карандылык пандемия учурунда күчөгөн.

"Интернеттен көз каранды болуп бараткан адамдарга тамак ичип же бирөө менен маектешип отуруп деле эч кандай себепсиз смартфонун карап, социалдык тармактарын, түрдүү мессенджерлерди текшерип тургандар кирет. Ошондой эле жумушу жок болсо деле суткасына үч сааттан ашык убактысын интернетке короткондорду да бул көрүнүшкө кабылган деп баалайбыз. Андан арылуу үчүн, албетте, алгач адам өзү киришиши керек. Эртең менен тура калып эле смартфонду колго албай, өзүн тыйып суу ичип келип, майда көнүгүүлөрдү жасап, дем алыш күнү болсо китеп окуп өзүн-өзү чектеши зарыл. Көз карандылыктан арылуунун дагы бир жакшы жолу — бул спорт. Адам өзүнө жаккан спорттун түрү менен алектенип башташы абзел. Ошондой эле ар кандай чектөөчү тиркемелерди көчүрүп алып да өзүн колго алса болот",— деди Абакова.

Психолог интернетте көп отуруу бир эле дене түзүлүшкө зыян алып келбей, психикалык саламаттыкка да кедергисин тийгизерин кошумчалады.

Подкасттын толук вариантын видеодон көрсөңүз болот:

Тема боюнча

Психолог балдарды кантип китеп окууга кызыктырса болорун айтты
Белгилер:
Айдана Абакова, психолог, интернет, көз карандысыздык

ЭҢ МААНИЛҮҮ