Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Бектеналиев: кыргыз киносунда 2001-жылдан тарта кайра жаралуу башталды

© Sputnik / Асель СыдыковаКинематография департаментинин директору Мукталы Бектеналиев. Архив
Кинематография департаментинин директору Мукталы Бектеналиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.08.2021
Жазылуу
Кинематография департаментинин директору Мукталы Бектеналиев көз карандысыздык алган жылдардагы кыргыз киносунун басып өткөн жолун баяндап берди.

Эгемендүүлүк алганда кыргыз киносу көптөгөн кыйынчылыктарга туш болду. 2001-жылдан тарта аталган тармак кайрадан жаралды десек болот. Мындай пикирин Мукталы Бектеналиев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Бектеналиев: кыргыз киносунда 2001-жылдан тарта кайра жаралуу башталды

Анын айтымында, кыргыз киносун кыйроодон сактап, кайра жанданышына Чыңгыз Айтматов, Болот Шамшиев, Дооронбек Садырбаев жана башка залкарлардын салымы чоң.

"1941-жылы 17-ноябрда "Кыргыз кино хроникасы" деп түзүлгөн. Согуш башталып, экономикалык каатчылык болуп турса да киностудиянын түзүлүшү жакшы көрүнүш. Анткени кино массалык искусство болуп эсептелет. Ошентип 1956-жылы алгачкы "Салтанат" тасмасы тартылган. Андан кийин 70-80-жылдары кыргыз киносу жогорку деңгээлдеги тасмаларды жаратууга жетишти. Чыңгыз Айтматов, Болот Шамшиев, Төлөмүш Океев, Мелис Убукеевдер башында туруп, мыкты режиссерлор, операторлор, атактуу актерлер иштеп "кыргыз керемети" жаралган. СССРдеги алдыңкы киностудиялардын бири болгон. Эгемендүүлүк алгандан кийин кыргыз киносу дагы бардык тармактардай эле башынан көптөгөн кыйынчылыктарды өткөрдү. Мурдагыдай мамлекеттен каржылоо токтоп, кино тармагы 2001-жылга чейин оор учурга туш болду. Ошого карабастан кинематографисттер кол куушуруп отуруп калбай демөөрчүлөрдү издеп, аракеттерин кылышты. Ошол эле Актан Арым Кубат, Эрнест Абдыжапаров, Темир Бирназаров, Бакыт Карагулов, Шамил Жапаров, Марат Сарулу деген жигиттерибиз кинолорду жаратышты. 2001-жылы парламентте "Кыргыз Республикасынын кинематографиясын колдоо жөнүндө" мыйзам кабыл алынды. Ага ылайык, тасма тартууга бюджеттен каражат бөлүнүп, "Кыргызфильмге" улуттук макам берилди. Аталган мыйзамдын негизинде киного тиешелүү объектилердин сатылуусуна тыюу салынып, бул тармакты сактап калууга жакшы шарттар түзүлдү. Кинотеатрлар сакталып аларды кайра жандандыруу аракеттери көрүлө баштады. Ошол 2001-жылдан тарта кыргыз киносунда кайра жаралуу доору башталган десек болот", — деди Бектеналиев.

Ал айтылган маалдан баштап жылына бир-экиден толук метраждуу, экиден кыска метраждуу, төрт-бештен даректүү тасмалар тартыла баштаганын кошумчалады.

Подкасттын толук вариантын видеодон көрүңүз:

Жаңылыктар түрмөгү
0