Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Токтошов: саясий кызматтагыларга илимий даража берилбеши керек

© Sputnik / Табылды КадырбековТехника илимдеринин кандидаты, доцент Гүлжигит Токтошов
Техника илимдеринин кандидаты, доцент Гүлжигит Токтошов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.08.2021
Жазылуу
Техника илимдеринин кандидаты, доцент Гүлжигит Токтошов илимий даража алууда жаштарды тартуу механизмдерин иштеп чыгуу зарылдыгына токтолду.

Илимдин сапатын арттыруу үчүн үч негизги маселеге көңүл буруу зарыл. Анын биринчиси саясий кызматты аркалагандарды илим изилдөө иштеринен оолактатуу керек. Анткени илим жактоого адам баш-оту менен кирген учурда гана пайдалуу эмгек жаралат. Мындай пикирин Гүлжигит Токтошов Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Токтошов: саясий кызматтагыларга илимий даража берилбеши керек

Анын айтымында, илимпоздордун саны кыскарып кетет деп чочулабай, сапатын көтөрүүгө аракет көрүү зарыл.

"Башкаруу системасында жүрүп эле бир карасаң илимдин доктору, профессор болуп чыга келишет. Алар илимге кандай салым кошту деп ойлойсуң. Бул эки багытты бирдей алып кетүү дээрлик мүмкүн эмес. Анткени илим жактоого баш-отуң менен сүңгүп кирүү керек. Экинчиден, калыстык деген кайда? Өмүр бою ийне менен кудук казгандай илим изилдеп жүргөн адамдын эмгеги өтпөй, саясий кызматты аркалаган киши дароо эле илимий даражага ээ болуп калууда. Ошондой эле илимий изилдөө жүргүзүүгө жаш курак боюнча чектөө киргизүү учур талабы. Ооба, Советтер Союзу мезгилинде илимий даража алган ага, эжелерибиздин эмгеги чоң, аны тана албайбыз. Алар өз кезегинде жемишин берген. Бирок илим да ордунда токтоп турбай өнүгүшү зарыл да. Ал үчүн азыркы заман талабына ылайыктуу багыттарга басым жасап, жаштарды тартып, прикладдык илимди кошо ала жүрүү абзел. Бул жерде бюджеттен бөлүнгөн каражат да ушул тандалып алынган жаш окумуштууларга багытталышы керек. Ал эми калган окумуштуулар үчүн башка программа иштелип чыгабы, бул өзүнчө маселе", — деди Токтошов.

Илимпоз үчүнчү көйгөй катары тууган-урук, тааныш-билиши аркылуу илимий даражага жетүү аракеттерин атап, бул көрүнүштү ооздуктоо мезгил талабы экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0