Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Кожоев: этникалык кыргыздар үчүн ЖОЖдо билим алууга 75 орун бөлүнгөн

© Sputnik / Табылды КадырбековБилим берүү жана илим министрлигинин Эл аралык кызматташтык башкармалыгынын башкы адиси Эрлан Кожоев
Билим берүү жана илим министрлигинин Эл аралык кызматташтык башкармалыгынын башкы адиси Эрлан Кожоев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.08.2021
Жазылуу
Билим берүү жана илим министрлигинин Эл аралык кызматташтык башкармалыгынын башкы адиси Эрлан Кожоев этникалык кыргыздар үчүн өлкөдөгү жогорку окуу жайларда акысыз билим алууга жыл сайын 75 орун бөлүнөрүн айтты.

Өзбекстанда жашаган этникалык кыргыздар үчүн 30 орун, Тажикстандагы кыргыздарга 23, Казакстан, Түркияга беш орун жана Кытайдагы кыргыздар үчүн 10 орунга квота берилет. Мындай маалыматты Эрлан Кожоев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Кожоев: этникалык кыргыздар үчүн ЖОЖдо билим алууга 75 орун бөлүнгөн

Анын айтымында, акыркы жети жылда Түркия жана Казакстандагы этникалык кыргыздар тарыхый мекенине келип, окуу жайга тапшырышкан жок.

"2003-жылдагы президенттин указына ылайык, чет өлкөдө жашап жаткан этникалык кыргыздарга билим берүү жана маданий жактан колдоо көрсөтүү каралган. Ага байланыштуу Билим берүү жана илим министрлиги жыл сайын аларга өлкөдөгү жогорку окуу жайларга тапшырууга шарт түзүп келет. Жылына 75 орунга квота бөлүнүп, андан Тажикстан, Өзбекстан, Кытай, Түркия жана Казакстанда жашаган кыргыздар пайдалана алат. Пандемияга байланыштуу чек арадан өтүү маселелери бир топ кыйынчылыктарды жаратып келген. Мындан улам Тышкы иштер министрлиги менен байланышып, чет өлкөдөгү элчиликтер менен макулдашылды. Эми этникалык кыргыздар элчиликтер аркылуу бардык суроолоруна жооп алып, 30-августка чейин тиешелүү документтерин топтой алышат", — деди Кожоев.

Ошондой эле адис ЖОЖдорго тапшырган этникалык кыргыздарга жатакана берилип, стипендия дагы төлөнө турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0