Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Алтыбаева: Жогорку Кеңештин III чакырылышы бир жыныстуу парламент аталган

© Sputnik / Асель АкматалиеваЖогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева. Архив
Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.08.2021
Жазылуу
Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева Кыргызстанда жалпы калктын 53 пайызын аялдар түзө турганын белгиледи.

Жогорку Кеңештин III чакырылышында мажоритардык шайлоо системасы болуп, бир дагы аял келбей калган. Ошондуктан учурда аялдардын келүүсүнө мүмкүндүк берген квота сакталып калды. Бул тууралуу Айнуру Алтыбаева Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Алтыбаева: Жогорку Кеңештин III чакырылышы бир жыныстуу парламент аталган

Анын айтымында, учурдагы аралаш шайлоо системасында да партиялык тизме менен ар бир төртүнчү орун аялдар үчүн берилет.

"Конституцияда ар кандай социалдык топтордун өкүлдөрүнө мүмкүнчүлүк берүү боюнча ченем каралган. Парламенттин негизги функцияларынын бири — бул өкүлчүлүк кылуу. Демек, коомдо болгон бардык социалдык топтордун өкүлдөрү болушу зарыл. Кыргызстандын жалпы калкынын 53 пайызы аялдар. Анткен менен Жогорку Кеңештин III чакырылышында бир дагы аял жок болчу. Муну бир жыныстуу парламент деп сыпатташкан. "Демократиянын аралы" деп айтылып жүргөн өлкөдө мындай көрүнүштүн болушу туура эмес. Бул чакырылыш мажоритардык система менен шайланып келген. Мындай жагдайда парламентти негизинен капчыктуулар ээлеп, аялдардын келүүсүнө мүмкүндүк болбой калат. Ошодуктан аялдар үчүн квотаны сактап калуу зарылдыгы бар. Буга чейин аялдар партиялык системада төртүнчү эле. Бирок бул чакырылышта депутаттардын саны азайганына байланыштуу тизменин ар бир үчүнчүсү аял болсун деген сунуш болду. Тилекке каршы, бул демилге колдоо таппай, 30 пайыздык квота сакталып калды. Аял-депутаттардын көп болгону жакшы. Себеби алар көбүнчө социалдык көгөйлөрдү көтөрүп, чечүүгө аракет жумшашат", — деди Алтыбаева.

Ошондой эле ал аялдарга квота берүү убактылуу, муктаждыктан улам киргизилгенин белгилеп, учуру келгенде ал алып салына турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0