Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Мамыров: чет өлкөдө соттолгон кыргыз жарандарынын саны көбөйүүдө

© Sputnik / Табылды КадырбековГенералдык прокуратуранын эл аралык укуктук кызматташуу башкармалыгынын башчысынын орун басары Талантбек Мамыров
Генералдык прокуратуранын эл аралык укуктук кызматташуу башкармалыгынын башчысынын орун басары Талантбек Мамыров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.08.2021
Жазылуу
Генералдык прокуратуранын эл аралык укуктук кызматташуу башкармалыгынын башчысынын орун басары Талантбек Мамыров чет өлкөдө кылмыш жасаган кыргыз жарандарын экстрадициялоо тартибин түшүндүрүп берди.

Чет жакта соттолгондорду экстрадициялоо үч айдан бир жылга чейин созулуп кетиши ыктымал. Бул тууралуу Талантбек Мамыров Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Мамыров: чет өлкөдө соттолгон кыргыз жарандарынын саны көбөйүүдө

Анын айтымында, мамлекеттер аралык кат алмашуунун өзүнүн өзгөчөлүктөрү бар.

"Тилекке каршы, соңку убактарда чет өлкөдө кылмыш жасап, соттолуп кеткен кыргыз жарандарынын саны көбөйүүдө. Көбүнесе бөтөн өлкөдө соттолгон адам өзү же анын жакындары экстрадициялоо маселеси боюнча Генералдык прокуратурага арыз менен кайрылат. Биз мамлекеттин мыйзамына жана эл аралык келишимдерге ылайык, бул багытта тийиштүү иш алып барабыз. Көпчүлүк учурда кылмышка шектелген адамдын туугандары соттун чечими чыга электе көмөк сурашат. Бирок ал жактан соттун өкүмү чыгып күчүнө кирмейинче кыргыз жарандарын экстрадициялоого мүмкүн эмес. Ошондо дагы тийиштүү процедуралар айрым учурда 3-6 айга чейин созулуп кетет. Анткени мамлекет аралык кат алмашууда өзүнүн оорчулуктары бар. Маселен, жөнөтүлгөн кат тийиштүү мамлекетке, андан регионуна, анан мекемеге жетип, керектүү документтер чогултулуп, бир топ аракеттер жасалат. Ошондой эле жаран экстрадицияланган өлкөдөн белгиленген жаза Кыргызстанда өтөлө турганы да кепилденет. Ал үчүн тийиштүү материалдарды КРдин Жогорку сотуна прокуратура сунуштайт. Ал экстрадициялана турган жарандын жаза өтөө тартиби боюнча токтом чыгарат. Ошону тийиштүү өлкөгө кетирип, анан ошол мамлекеттин соту экстрадициялоого макулдугун берүү-бербөө чечимин кабыл алат. Мына ушул процедуралардан өтүү үчүн бир жылга чейинки убакыт талап кылынат. Ошондой эле экстрадициялоо чечими чыккандан кийин ортодо басып өтө турган өлкөлөр менен транзит маселесин чечип, алардын макулдугун алууга да убакыт кетет", — деди Мамыров.

Ал соттун өкүмү менен материалдык доого жыгылгандар, террорчулук менен соттолгондор жана ден соолугунан улам мүмкүнчүлүгү жоктор өлкөгө кайтарылбай турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0