Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Жумалиев: мамлекет дыйкандардан бир нече миң тонна буудайды 30 сомдон сатып алат

© Sputnik / Табылды КадырбековАйыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин бөлүм башчысы Жигитали Жумалиев. Архив
Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин бөлүм башчысы Жигитали Жумалиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.08.2021
Жазылуу
Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин бөлүм башчысы Жигитали Жумалиев азык-түлүк коопсуздугунун алдын алуу максатында быйыл дыйкандардан 20 тоннадай буудай сатып алынарын билдирди.

Мамлекеттик азык-түлүк кампасына дыйкандардан 20 тоннадай буудай сатып алынат. Алгачкы коюлган баасы 24 сом 80 тыйын болчу. Биз Антимонополиялык жөнгө салуу агенттигине бааны 30 сомго чыгарып берүү боюнча кайрылдык. Бул тууралуу Жигитали Жумалиев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Жумалиев: мамлекет дыйкандардан бир нече миң тонна буудайды 30 сомдон сатып алат

Анын айтымында, быйыл күздүк айдоодо буудайды 50 миң гектардай көбүрөк себүү пландалган.

"Советтер Союзу учурунда эле кылкандуу дан эгиндердин жаздыкка караганда күздүгү көбүрөк себилчү. Биз кайрадан ушул схемага өтүшүбүз керек. Анткени күздө себилген дан суукка, шамалга туруктуу келип, түшүмдү да 20-30 пайызга көп берет. Бирок бул жерде себилчү үрөндүн сапаты маанилүү. Андыктан биз учурда Казакстан менен 500 тонна атайын багыттагы үрөн алуу боюнча сүйлөшүп жатабыз. Ошондой эле Өзбекстандан да 1000 тонна үрөн алуу келишими президенттин сапарында жетишилген болчу. Өзбек тарап 50 пайызын насыяга берип, түшүм жыйналганда алууга макул болгон. Мындан сырткары, Россиядан да 2000 тонна тандалган сорттогу буудайды алууга макулдашып жатабыз. Россия өкмөтүнө үрөндүн 70 пайызын түшүмдүн эсебинен берүү сунушталууда", — деди Жумалиев.

Ал министрлер кабинетинен кылкандуу дан эгиндери жана май чыгаруучу өсүмдүктөрдүн үрөнүн алууга акча каражаты каралып жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0