Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Оморов: Кыргызстанда аялдар күрөшүнүн өнүгүшүнө Айсулуу Тыныбекова жол ачты

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын административдик чарба иштери боюнча проректору Максат Оморов. Архив
Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын административдик чарба иштери боюнча проректору Максат Оморов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.08.2021
Жазылуу
Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын административдик чарба иштери боюнча проректору Максат Оморов акыркы жылдары Дене тарбия жана спорт академиясына кыздар да көп тапшыра баштаганын айтты.

Өлкөдө кыз-келиндер күрөшү өнүгүп баратканы өспүрүмдөр арасында кызыгууну жаратууда. Мындай пикирин Максат Оморов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Оморов: Кыргызстанда аялдар күрөшүнүн өнүгүшүнө Айсулуу Тыныбекова жол ачты

Анын айтымында, өлкөдө аялдар күрөшүнүн өнүгүшүнө Айсулуу Тыныбекова жол ачып, көптөгөн адамдардын оюн өзгөрттү.

"Бүгүнкү күндө аялдар күрөшүнүн өлкөдө өнүгүү жолуна түшүшүнө Дене тарбия жана спорт академиясынын бүтүрүүчүсү Айсулуу Тыныбекованын салымы чоң. Балбан кызды ушул даражага жеткирген биздин окуу жайдын тарбиялануучусу Нурбек Изабековдун эмгеги нар көтөргүс. Ошол эле Айсулуу, Розалия Тилегенова өңдүү кыздар академияга билимин жогорулатуу максатында келишкен. Анткени спортто машыгууга билимди айкалыштырганда гана укмуштуу көрсөткүчтөр болору белгилүү. Демек, үлгү көрсөтүп жаткан спортчу кыздардын жетишкендиктерин көргөн өспүрүмдөрдө чоң ишеним пайда болуп, "биз дагы алар жеткен ийгиликти багындыра алабыз" деп ойлонуп калышты. Ошол эле учурда машыктыруучулар да шакирттерин биздин окуу жайга жиберип, тажрыйбасы бар педагогдордон билим алуусун сунуштап келишет", — деди Оморов.

Ошондой эле адис Универсиаданын программасына кыз-келиндер күрөшү кошулуп, студенттер арасындагы эл аралык мелдеште кыргызстандык жаш спортчулар да күчүн сынаганга мүмкүнчүлүк түзүлгөнүн кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0