Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Жумабаев: көптөр "фейк" жана "троллдун" айырмасын биле бербейт

© Sputnik / Табылды КадырбековМедиа эксперт Авланбек Жумабаев
Медиа эксперт Авланбек Жумабаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.08.2021
Жазылуу
Медиа эксперт Авланбек Жумабаев социалдык тармактарда коомдун пикирин өзгөртүүгө багытталган атайын ыкмаларды санап берди.

Көптөгөн социалдык тармактын колдонуучулар "фейк" жана "тролль" деген түшүнүктөрдүн айырмасын биле бербейт. Бул тууралуу Авланбек Жумабаев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Жумабаев: көптөр "фейк" жана "троллдун" айырмасын биле бербейт

Анын айтымында, тролль жана фейктерди бийлик жана ага каршылар бирдей эле колдонуууда.

"Интернет айдыңында "фейк" деген түшүнүк бар. Бул такталбаган, айрым учурда бирөөнү каралоо үчүн чыгарылган жалган маалымат. Ошол эле учурда социалдык тармактарда "фейк" жана "тролль" деген терминдер пайда болду. Экөөнүн айырмасын көптөр айырмалап биле бербейт. Негизи социалдык тармактарда жүзү жок, атын өзгөрткөн, сүрөтү жок жасалма, жалган аккаунттарды "фейк" дейбиз. Анын ары жагында кайсы адам, ким отурганы белгисиз. Ал эми "тролль" — бул кадимки, айрым учурда коомго таанымал блогердин аккаунту. Болгону ал кайсы бир саясатчынын, саясий топтун же дагы бирөөлөрдүн кызыкчылыгын коргойт. Ал үчүн өз ара белгиленген акы төлөнөт. Мисалы, соңку учурда коррупцияга шектелип кармалгандар троллдорду жалдап, алар анын акталышы керектиги тууралуу постторду жазышат. Троллдор колдонгон маалыматтар чындыка жакын болушу да мүмкүн. Бирок ошол маалымат аркылуу манипуляция кылуу менен коомдун пикирин өзгөртүүгө, кылмышка шектелген адамды элдин алдында актоого багытталган аракеттерди жасашат. Кандайдыр саясий процесстер күч алганда же шайлоо учурунда троллдорду колдонуу күч алат", — деди Жумабаев.

Медиа эксперт айрым саясий топтор же саясатчылар бир канча адамдан турган топ фейк-аккаунттарды ачып, "фейк фабрика" иштете турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0