Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Төлөбеков: "Манастын уулу Семетей" тасмасынын бюджети 1 миллион доллар болот

© Sputnik / Асель Сыдыкова"Манастын уулу Семетей" тасмасынын продюсери Өмүрзак Төлөбеков
Манастын уулу Семетей тасмасынын продюсери Өмүрзак Төлөбеков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.07.2021
Жазылуу
"Манастын уулу Семетей" тасмасынын продюсери Өмүрзак Төлөбеков аталган кинонун режиссёрлору беш жылдан бери Семетейди театрларда коюп жүргөн Кыргыз эл артисти Эгемберди Бекболиев жана казакстандык тарыхый тасмаларды тартып жүргөн Дархан Кожохан экенин айтты.

"Манастын уулу Семетей" тасмасынын бюджети 1 миллион доллар. Анын үчтөн бирин "Казак фильм" каржылап, массалык сценалардагы каармандарды костюм менен камсыздашат. Ал эми Россиянын Каро продакшн кинокомпаниясы тартуу аяктаган соң үн менен иштеп, 3D анимациясын жасап берет. Кыргызстандык ишкерлер президенттин тапшырмасы аркылуу долбоорго 300 миң доллар бөлүп жатат. Бул тууралуу Өмүрзак Төлөбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде билдирди.

Төлөбеков: "Манастын уулу Семетей" тасмасынын бюджети 1 миллион доллар болот

Анын айтымында, тасма орус, немис, англис, кытай жана түрк тилдерине которулат.

"2012-жылы кино тармагына "Президент жана бомж" тасмасы менен келдим. Бул лента чет мамлекеттерде көрсөтүлгөн. Ошол учурда Мар Байжиев баш болгон улуу устаттар "Манас" эпосун тартууну продюсер катары колго алсаңчы деген сунуш, ойлорун айтып келишти. Ар кандай эл аралык уюмдар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп отуруп долбоорду баштадык. Ооба, "Манас" эпосуна кайрылгандан кооптонгон режиссёрлор көп болду. Биз да ошондон улам Семетейден баштап отурабыз. Себеби Манаста массалык сценалар, чабуул, басып алуулар арбын. Ал окуяны чагылдырыш үчүн өтө көп каражат керектелет. Семетейдин ар кандай варианттарын карап чыгып, пьесага токтолдум. Анда Семетейдин хан көтөрүлүшү менен аяктайт. Андан ары улантып, атасынын өчүн алып Семетейдин Коңурбайды өлтүрүп, кыргыз элине күнкорсуз бийлик орноткон учуру кошулду. Негизинен пьеса 40 жылдан бери кыргыз драма театрында коюлуп келген. "Манастын уулу Семетей" тасмасынын бюджети 1 миллион доллар деп эсептелди. Анын 300 миң долларын кыргыз тарап өнөктөш катары бөлүп жатат. Мен бул каражатты президенттен ишкерлер мага карызга эле берип турсун, фильм сатыкка чыкканда кайтарып берем деп сурагам. Өлкө башчысы бизнесмендерди чакырып сүйлөшүп, алар аталган акчаны бөлүп жатышат", — деди Төлөбеков.

Продюсер тасмада Семетей Ала-Тоого келип эл чогулуп дүңгүрөп аны хан көтөргөнү жана Коңурбай менен согушкан окуялары эң татаал эпизод болорун кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0