Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Жылкыбаев: үч баскычтуу бюджетке өтүшүбүз керек

© Sputnik / Асель СыдыковаШайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын мүчөсү, Ысык-Көл жана Ош облустарынын мурдагы жетекчиси Узарбек Жылкыбаев
Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын мүчөсү, Ысык-Көл жана Ош облустарынын мурдагы жетекчиси Узарбек Жылкыбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.07.2021
Жазылуу
Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын мүчөсү, Ысык-Көл жана Ош облустарынын мурдагы жетекчиси Узарбек Жылкыбаев өлкө эки баскычтуу бюджеттен үч баскычтуу бюджетке өтүү зарылдыгын айтты.

Эки баскычтуу бюджеттин автору - Акылбек Жапаров. Ал азыр мамлекетте маселе чечкен кызматта отурат, андыктан үч баскычтуу бюджетке өтүү оор го деп ойлойм. Бирок бул заман талабы болуп турат, облуска же районго бюджетти кайтарып берүү зарыл. Мындай пикирин Узарбек Жылкыбаев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Жылкыбаев: үч баскычтуу бюджетке өтүшүбүз керек

Анын айтымында, айрым салыктардан түшкөн кирешенин жарымын жергиликтүү бюджетте калтыруу абзел. Бул өз кезегинде аймактардын өнүгүшүнө шарт түзүп, айыл өкмөт, акимдердин ишине дем-күч берет.

"Учурда өлкөдө эки баскычтуу бюджет, бирок муну үч баскычтууга өткөрүп, районго же облуска бюджет каралышы шарт. Ошондой эле жер-жерлерден чогулган салыктардын жарымы ошол аймакта калтырылышы керек. Азыр иш кандай жүрүүдө? Салык кызматы борбордо отуруп алып районго план коёт. Ал пландын аткарылышына аким жоопкер болот, бирок райондук салык кызматынын жетекчисин аталган кызмат өзү бекитет. Мына ушундай башаламандыктар көп кездешүүдө. Бир сөз менен айтканда, "оюндун" шарты баарына ачык, түшүнүктүү болушу зарыл. Мамлекеттик кызматкер дагы, ишкер дагы так, даана түшүнүп, аткара турган мыйзамдар жазылганда аймактар өнүгөт", — деди Жылкыбаев.

Ал бардыгын башынан баштап, 1991-жылдарга кайтпай эле, иштеп жаткан мыйзамдардын элге ыңгайлуу жактарын калтырып, андан ары өнүктүрүү менен мыйзам долбоорлору сунушталышы керектигин кошумчалады.

Эске сала кетсек, президент тарабынан "Министрлер кабинети жөнүндө" мыйзам долбоору сунушталып, ал 22-июлда эл өкүлдөрүнүн кескин сынына кабылып, кайрадан редакциялоого артка кайтарылган.

Подкасттын толук вариантын видеодон көрүңүз:

Жаңылыктар түрмөгү
0