Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Бакиров: асырап алуучу менен баланын ортосундагы айырма 16 жаштан кем болбошу керек

© Sputnik / Асель СыдыковаЮридикалык клиникалар ассоциациясынын жетекчиси, илимдин кандидаты Артур Бакиров. Архив
Юридикалык клиникалар ассоциациясынын жетекчиси, илимдин кандидаты Артур Бакиров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.07.2021
Жазылуу
Юридикалык клиникалар ассоциациясынын жетекчиси, илимдин кандидаты Артур Бакиров бала асырап алуу тууралуу түшүндүрмө берди.

Бала асырап алууда коммерциялык максаттагы ортомчулук иштерге жол берилбейт. Бул тууралуу Артур Бакиров Sputnik Кыргызстан радиосунун "Онлайн адвокат" рубрикасында билдирди.

Бакиров: асырап алуучу менен баланын ортосундагы курак 16 жаштан кем болбошу керек

Анын айтымында, асырап алуу — ата-эне камкордугунан ажыраган балдардын мыйзамдуу укуктарын коргоо болуп саналат.

"Баланы асырап алууга ал ата-энесиз калганы тууралуу маалымат түшкөн күндөн тартып үч айдан кийин уруксат берилет. Ал үчүн асырап алуучунун же баланын жашаган жери боюнча арыз тапшырылат. Балдардын укугун коргоо боюнча укуктуу орган асырап алуу үчүн тоскоолдуктар жок экенин аныктоого, баланын талаптарына жооп берерин текшерүүгө, анын багып алуучуга болгон мамилесин билүүгө жана документтерди чогултууда көмөктөшүүгө милдеттүү. Багып алуу жарандык сот өндүрүшү тартибинде каралат. Сотто асырап алуучу өзү катышууга милдеттүү. Асырап алууда коммерциялык максаттагы ортомчулук иштерге жана бала тандоодо бөлөк адамдардын кийлигишүүсүнө жол берилбейт. Бул багытта балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын иши ортомчулук катары сыпатталбайт. Сот тарабынан укуктары чектелгендер, жөндөмсүз деп табылгандар, ата-энелик укугунан ажыратылгандар, алардын күнөөсү менен мурдагы асырап алуу аракеттери жокко чыгарылгандар, туруктуу жашаган жери жоктор, талап кылынган кирешеси болбогондор, оор жана өзгөчө оор кылмыштары үчүн соттуулугу жоюлбагандарга бала асырап алууга болбойт. Багып ала турган адам 60 жаштан жогору болбой, аны менен баланын ортосу 16 жаштан кем болбоого тийиш", — деди Бакиров.

Юрист жубайлардын бири бала асырап алууну чечсе, экинчисинин макулдугу зарыл экендигин кошумчалады.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0