Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Шерипов: Баткенге өзгөчө макам берилсе жылына 500 миллион сом бөлүнөт

© Sputnik / Асель СыдыковаАйыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министринин орун басары Нурлан Шерипов
Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министринин орун басары Нурлан Шерипов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.07.2021
Жазылуу
Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министринин орун басары Нурлан Шерипов Баткен облусуна өзгөчө макам берилсе жылына 500 миллион сом бөлүнөрүн маалымдады.

Баткен облусуна өзгөчө салык тартиби киргизилет. Бул ички жана сырткы инвесторлорду тартууга өбөлгө түзөт. Бул тууралуу Нурлан Шерипов Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Шерипов: Баткенге өзгөчө макам берилсе жылына 500 миллион сом бөлүнөт

Анын айтымында, Баткендин социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө комплекстүү шарт түзөт.

"28-30-апрелде болгон чек арадагы жаңжалдан кийин "Баткен облусун калыбына келтирүү жана өнүктүрүү" боюнча президенттин №113 жарлыгы чыккан. Ага ылайык, негизги стратегиялык багыттар аныкталган. Буга утурлай Баткен облусунун өзгөчө макамы жөнүндө мыйзам иштелип чыгып Жогорку Кеңештен үч окуудан колдоо тапты. Анда салык, бюджет кодекстерине жана инвестициялык, мамлекеттик кызмат көрсөтүү мыйзамдарына өзгөртүү киргизилген. Ал ишке кирсе аталган аймакка салыктык, инвестициялык, мамлекеттик сатып алуулар, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр жаатында өзгөчө механизмдер колдонулат. Мисалы, Баткенди өнүктүрүү долбоорлорун ишке ашыруу максатында жылына кошумча 500 миллион сом бөлүнөт. Баткен облусу жер салыгы, пайдадан түшкөн төлөмдөрдү кошкондо баш-аягы төрт салыктан бошотулат. Бул ички жана сырткы инвесторлорду тартууга өбөлгө түзөт. Аталган мыйзамдын негизги максаты облустун социалдык-экономикалык жактан комплекстүү өнүгүүсүнө жол ачуу. Ошол эле мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр Баткенде жеңилдетилген тартипте жүргүзүлөт. Башкача айтканда, паспорт алуу, айдоочулук күбөлүк, маалым кат алууда баткендиктерге 50 же 100 пайыз жеңилдиктер берилет", — деди Шерипов.

Ал 2021-2035-жылдар аралыгында Баткенди өнүктүрүү программасы жазылып жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0