Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Муканова: коррупционерлерди шайлап эл дагы эки жүздүүлүк кылууда

© Sputnik / Табылды КадырбековПрезидентке караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңешинин башкы катчысы Нуруйпа Муканова
Президентке караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңешинин башкы катчысы Нуруйпа Муканова  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.07.2021
Жазылуу
Президентке караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңешинин башкы катчысы Нуруйпа Муканова коррупция менен жалпылап күрөшүү керектигин белгиледи.

Коррупция менен күрөшүү үчүн аталган кылмышка шектелген урук-туугандарды колдоп, коргоп чыгууну токтотуу зарыл. Бул тууралуу Нуруйпа Муканова Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Муканова: коррупционерлерди шайлап эл дагы эки жүздүүлүк кылууда

Анын айтымында, бул өнөкөт менен жалгыз бийлик күрөшө албайт.

"Эл коррупцияга бөгөт коюла турганына ишенип, аракет кылганда гана бул илдеттен арылабыз. Эгерде коомдун каалоосу, аракети жок болсо бул жаман адат токтобойт. Ошондуктан калктын аң-сезимин оңдоо зарыл. Бийлик өз саясий эркин, багытын көрсөтүп бериш керек. Калган тийиштүү иш-аракеттерди укук коргоо органдары жасап, карапайым калк аларга көмөк кылышы шарт. Учурда коррупционерлер жеп-ичип алып чет өлкөгө качып кетүүдө. Алар кармалса биздин уулубуз, тууганыбыз, таанышыбыз деп коргоп, колдоп чыккандар дагы бар. Коррупциянын эң коркунучтуусу бул - саясий өңүттөгүсү. Мамлекеттик органдардын башына, Жогорку Кеңешке мамлекеттик ресурска ээ болуу үчүн келүүдө. Аларды эл тандайт. Бул жагынан алганда элибиз дагы эки жүздүү болуп жатат. Бул коррупционер, тигил коррупционер дешет дагы, кайра ошолордун акчасын алып шайлай беришет. Натыйжада бул айлампа сыяктуу кайталанып калууда", — деди Муканова.

Ал экономиканы көтөрүү үчүн коррупция менен күрөшүү приоритеттүү багыт болушу керектигин кошумчалады.

Толук вариантын төмөнкү видеодон көрүңүздөр:

Жаңылыктар түрмөгү
0