Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Иманалиев: президенттик башкаруу болсо эле парламентти талкалоо туура эмес

© Sputnik / Асель СыдыковаДепутат Каныбек Иманалиев
Депутат Каныбек Иманалиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.07.2021
Жазылуу
Жогорку Кеңештин "Ата-Мекен" фракциясынын депутаты Каныбек Иманалиев демократиянын кепилдиги болуп президент эмес парламент эсептелерин айтты.

Өлкөдө акыркы алты ай парламентаризмди талкалоонун доору болду. Мындай пикирин Каныбек Иманалиев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Иманалиев: президенттик башкаруу болсо эле парламентти талкалоо туура эмес

Анын айтымында, дүйнөдө парламентсиз, бирок демократиясы бар бир дагы өлкө жок. Тескерисинче, президенти жок демократияда жашап келе жаткан Улуу Британия жана Япония мамлекеттери эсептелет.

"Биздин саясий элитада президенттик өлкө болсо эле парламентти талкалаш керек деген түшүнүк пайда болду. Эң күчтүү президенттик башкаруу болгон Америка, Россия, Түштүк Корея жана Францияда да мындай көрүнүш жок. Мисалы, Россияда акыркы референдумда парламентке эбегейсиз укуктар берилди. Америкада парламент президентке импичмент жарыялай алат. Түштүк Кореяда эл шайлаган президентти депутаттар алып түшүп, түрмөгө камалды. Ал эми бизде эмне болуп жатат? "Министрлер кабинети жөнүндө" мыйзам долбооруна ылайык, парламенттин кезексиз сессиясын премьер-министр чакырат экен. Анан да министрлер кабинети президенттин гана тапшырмасын аткарат деп жазылып жатат. Бул эми ажонун өзүнө кызыкпы? Өзү дайындап, кайра өзү көзөмөлдөп, балким элге 90 депутаттын көзөмөлдөгөнү пайдалуудур. Анан да акимдерге, министрлерге кол тийбестик сунушталып жатат. Укуктук өлкөдө мындай болбош керек",— деди Иманалиев.

Депутат акимдик институтту бекемдөө үчүн алардын айлык маянасын көтөрүп, ротациялангандарынын турак жай маселесин чечип жана райондук деңгээлдеги структуралардын жетекчилерин анын макулдугу менен дайындоо укугун берүү жетиштүү болорун кошумчалады.

Эске сала кетсек, президент тарабынан "Министрлер кабинети жөнүндө" мыйзам долбоору сунушталып, ал 22-июлда эл өкүлдөрүнүн кескин сынына кабылып, кайрадан редакциялоого артка кайтарылган.

Подкасттын толук вариантын видеодон көрүңүз:

Жаңылыктар түрмөгү
0