Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Кунасов: бокс боюнча калыстардын мектеби өнүгүү жолуна түштү

© Sputnik / Табылды КадырбековБокс федерациясынын эл аралык даражадагы калысы Иса Кунасов
Бокс федерациясынын эл аралык даражадагы калысы Иса Кунасов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.07.2021
Жазылуу
Бокс федерациясынын эл аралык даражадагы калысы Иса Кунасов бокс боюнча калыстардын мектеби коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу өнүгүү жолуна түшө баштаганын айтты.

Учурда Эл аралык бокс ассоциациясынын версиясы боюнча, үч жылдыз категориясындагы эки калыс бар. Мындай маалыматты Иса Кунасов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфириндеги маегинде билдирди.

Кунасов: бокс боюнча калыстардын мектеби өнүгүү жолуна түштү

Анын айтымында, калыстардын деңгээлин аныктоо үчүн атайын сынактарды тапшырып, эл аралык мелдештерге жолдомолор берилет. 

"Учурда Эл аралык бокс ассоциациясынын версиясы боюнча, үч жылдыз категориясындагы эки калыс бар. Алар – Мукаш Ырсалиев жана Жамиля Боркоева. Бул категориядагы калыстардын дүйнө чемпионаты менен Олимпиада оюндарында кызмат кылууга мүмкүнчүлүктөрү бар. Азыркы мезгилде Ырсалиев олимп оюндарынан тышкары бардык мүмкүн болгон ири турнирлерде Кыргызстандын атынан калыстык милдетти аркалап келет. Биз аны Токио Олимпиадасына барат деп болжоп жатканбыз. Тилекке каршы, чакыруу бул жолу келген жок. Ал эми жаш калыстарды даярдоо боюнча абдан чоң иштер жасалып, калыс болууга кызыккандардын саны өсүүдө", — деди Кунасов.

Ошондой эле адис бокс боюнча калыстардын эмгеги бааланып колдоого алынса тез убакытта жылыш болорун кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0