Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Айтикул уулу: алты айда айдоочуларга 214 миллион сомдук айып салынды

© Sputnik / Табылды КадырбековПресс-секретарь Управления патрульной службы милиции Байказы Айтикул уулу
Пресс-секретарь Управления патрульной службы милиции Байказы Айтикул уулу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.07.2021
Жазылуу
Бишкек шаардык кайгуул милициясынын маалымат катчысы Байказы Айтикул уулу жол эрежелерин бузгандарга салынган айыптарды өндүрүү боюнча чыгарылган алты айлык жыйынтыкка токтолду.

Жарым жылда жол эрежелерин бузган айдоочуларга 214 миллион 445 миң сомдук айып пул салынды. Бул тууралуу Байказы Айтикул уулу Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Айтикул уулу: алты айда айдоочуларга 214 миллион сомдук айып салынды

Анын айтымында, салынган айып пулдун 48 миллион 755 миң 352 сому өндүрүлүп, бюджетке түшкөн.

"Алты ай ичинде Бишкекте жол эрежеси бузулган 152 786 факт катталган. Бул өткөн жарым жылдыкка салыштырмалуу 75 240ка көптүк кылат. Алардын ичинен 1766 учур тиешелүү документи жок автоунааны башкаруу, 1543ү мас абалында, 33 автоээнбаштык, 328и айнектерин караңгылатып алып эреже бузса, 75 айдоочу жасалма номер менен автокөлүгүн айдап бара жаткан жеринен кармалган. Булардын 11 миң 587си айып токтотуучу жайга киргизилген. Жалпысынан алты ай ичинде 214 миллион 445 миң сомдук айып пул чегерилсе, анын 48 миллион 755 миң 352 сому өндүрүлдү", — деди Айтикул уулу.

Ал 102 кыска номерине алты айда 38 424 чакыруу келип түшүп, анын көпчүлүгү үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка байланыштуу экенин кошумчалады.

Подкасттын толук вариантын видеодон көрүңүз:

Жаңылыктар түрмөгү
0