Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Маматова: куруттун биохимиялык курамын аныктоо алдында турам

© Фото / из личного архива Жанылбубу МаматовойВетеринардык дарыгер, Стамбул университетинин докторанты Жаңылбүбү Маматова
Ветеринардык дарыгер, Стамбул университетинин докторанты Жаңылбүбү Маматова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.07.2021
Жазылуу
Ветеринардык дарыгер, Стамбул университетинин докторанты Жаңылбүбү Маматова TUBITAK долбоорунун негизинде тамак-аш, сүт азыктарынан жуккан бактериялык ооруну тез арада аныктай турган тесттин үстүнөн иштеп жатканын айтты.

Кыргызстанда курут жасоонун технологиясы болсо, аны популярдуу кылып, экспорттоп, туристтерге сатуу мүмкүнчүлүгү жаралат. Бул тууралуу Жаңылбүбү Маматова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Маматова: куруттун биохимиялык курамын аныктоо алдында турам

Анын айтымында, туздуу, ышталган курутта дифтерия, ал эми кол таза жуулбай жасалган азыкта ичеги таякчасы (еscherichia coli — ред.) бактериялары болот.

"TUBITAK билим платформасынын алкагында сүт азыктарынан жуккан бактериялык ооруну тез арада аныктай турган тесттин үстүнөн иштеп жатабыз. Билимим Кыргызстанга дагы пайдасын алып келсин деп докторлугумду жактоо үчүн куруттун курамын изилдеп жатам. Жазган долбоорума ылайык, Кыргызстандын жети облусунун ар кайсы райондорундагы базарларында сатыкта турган куруттун түрлөрүн топтодум. Азыр долбоор жазып жөнөтүп, жообун күтүп жатам. Курут бизде абдан популярдуу азык. Бирок таңгакталбай ачык сатылып, атайын сактоо технологиясы жок. Жасалышына келсек, колун жууп да, жуубай да жасагандар бар. Бул ар кандай оорулардын жайылышына түрткү болушу мүмкүн. Ошондой эле кыям, жемиш, сары май, чөбөгө, чөп-чар кошулган, ышталган куруттар бар. Мында азыктын бактериялык курамы өзгөрөт. Андыктан куруттун биохимиялык, бактериялык курамын аныктоо алдында турам. Долбоордун негизги максаты — Кыргызстанда курут жасоонун технологиясы болсо, аны популярдуу кылып, экспорттоп, туристтерге сатуу мүмкүнчүлүгүн жаратуу", — деди Маматова.

Ал Кыргыз-түрк "Манас" университетин бүтүрүп жатып гигиенаны сактап, бардык талаптарга жооп берген бодо мал союучу жайдын долбоорун жазганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0