08:42 25 Теке 2021
Түз эфир
  • USD84.2620
  • EUR99.2101
  • RUB1.1423

Эшенгулов: Алай — кызыл түстүү аймак дегенди түшүндүрөт

Радио
Кыскача шилтеме алуу
46810

Тарыхчы-топонимист, картограф Темиркул Эшенгулов Алай аталышынын келип чыккан тарыхына токтолду.

"Алай" деген сөз өзгөрмөлүү формада берилип "кызыл түстүү аймак" дегенди түшүндүрөт. Бул тууралуу Темиркул Эшенгулов Sputnik Кыргызстан радиосунун "Жер тааны" рубрикасында маек куруп жатып билдирди.

Эшенгулов: Алай — кызыл түстүү аймак дегенди түшүндүрөт

Анын айтымында, Алай районунун айланасында кызыл, жошолуу сөздөрүн камтыган 30га жакын жер аталыштары кездешет.

"Төмөн жактагы эң бийик тоо — бул Гималай. Жогору жактагысы — Ала-Тоо. Бишкектен Түндүк муз океанын көздөй жөнөсөң бир да тоону кезиктирбейсиң. Тоолор түндүк-чыгышта, анан чыгышта гана бар. Мына ошол Ала-Тоо менен Гималайдын ортосунда гана Азиянын бийик мейкиндиги жатат. Ошондуктан термин катары Азия бийик мейкиндиги деп аталып калган. Бул да бекеринен эмес. Гималай дегенде аяк жагында "алай" сөзү уланган. Непалдын толук аталышы да Непалай. Топонимист Эдуард Мурзаевдин энциклопедиясында Непалай деп жазылган. "Манас" эпосунун Сагымбай Орозбаковдун вариантында да Ымалай, Кемалай деп берилген. Мындан сырткары, белгилүү географ, геолог И.В. Мушкетовдун "Түркстан" деген эмгегинде да Алай кенен изилденген. Ал бул аймак кызыл топурактуу келерин айткан. Кыргыз тилинде алоо деген да сөз бар. Адамдын жүзү кызарган учурду "эки бети алоолоп" дейбиз. "От алоолоп кетти" дейбиз, оттун жалыны да кызыл түстө эмеспи. Мына ушул "алоо" сөзүнөн улам Алай аталышы келип чыгып, "кызыл түстүү аймак" дегенди түшүндүрөт ", — деди Эшенгулов.

Ал окумуштуу Садыбакас Өмүрзаковдун эмгегинде да ушундай негиздеме берилерин кошумчалады.

Тема боюнча

Эшенгулов: Кошой тоосунун аталышына эпостогу Кошой баатырдын тиешеси жок
Белгилер:
илим, тарых, аталыш, Темиркул Эшенгулов

ЭҢ МААНИЛҮҮ