Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Ибраев: ЕАЭБ — Иран алакасы жакшырууда, Кыргызстан үзүрүн көрө албай жатат

© Sputnik / Асель СыдыковаПрезидент Кыргызского союза промышленников и предпринимателей Данил Ибраев
Президент Кыргызского союза промышленников и предпринимателей Данил Ибраев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.07.2021
Жазылуу
Кыргызстандын өнөр жай менен ишкерлер союзунун жетекчиси Данил Ибраев Иран менен Кыргызстандын экономикалык байланышын бекемдөө аракети көрүлүп жатканын белгиледи.
ЕАЭБ менен Ирандын ортосундагы товар айлантуу 20 пайызга чукулдады. Тилекке каршы, Кыргызстан андан өз пайдасын алган жок. Бул тууралуу Данил Ибраев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Ибраев: ЕАЭБ — Иран алакасы жакшырууда, Кыргызстан үзүрүн көрө албай жатат
Анын айтымында, Тегеранда өткөн ЕАЭБ мамлекеттеринин өкүлдөрүнүн катышуусунда адистештирилген "Евразия" көргөзмөсүнө Кыргызстандан 10 чакты ишкер катышкан.
"Ирандагы ЕАЭБ мамлекеттеринин катышуусундагы көргөзмөдө бир катар тармактар боюнча сүйлөшүүлөр болду. Алардын эң амбициялуусу Бандер-Абас — Ош коридорун ачуу долбоору болду. Ошондой эле айыл чарба тармагында тажрыйба бөлүшүү, алардын технологиясын колдонуу жаатында кеп козголду. ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин президенттери Иран менен экономикалык байланышты бекемдөөгө кызыкдар, Иран менен эркин экономикалык аймак түзүү аракети көрүлүүдө. Ага ылайык, ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн жана Ирандын товарлары арзан тарифтер менен өтө алат. Бул келишим учурда иштелип жатат. Ошондуктан Кыргызстан бул процесстен чыкпай, өз кызыкчылыгын коргошу керек. Мисалы, 2020-жылдын жыйынтыгында ЕАЭБ менен Ирандын ортосунда товар жүгүртүү 20 пайызга чукул болду. Анын ичинен Кыргызстан өз пайдасын көрө алган жок. Себеби биз бул багытты жакшы түшүнбөй калдык же аракет кылбадык. Ошондуктан өндүрүшчүлөр, ишкерлер, фермерлер менен ушул багытта иштешели деп жатабыз", — деди Ибраев.
Ошондой эле ал 21-июлда Ирандан курулуш, медицина жана башка тармактардан ишкерлер келип, кыргыз өнөктөштөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзө турганын кошумчалады.
Подкасттын толук вариантын төмөнкү видеодон көрүңүз:
Жаңылыктар түрмөгү
0