14:26 23 Аяк оона 2021
Түз эфир
  • USD84.8000
  • EUR99.5001
  • RUB1.1635

Алакунов: Жалал-Абад облусунда зыянкеч чегирткелердин саны көп болууда

Радио
Кыскача шилтеме алуу
3310

Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин бөлүм башчысы Алмаз Алакунов Жалал-Абад облусунун талааларында көп сандаган зыянкеч чегирткелер табылганын айтты.

Кыргызстандын аймагы боюнча Жалал-Абадда 14,1 гектар, Ош облусунда 5,5 гектар, Баткенде 9,5 гектар жана Чүй облусунда 1,2 гектар жерде чегирткелердин аймагы табылган. Мындай маалыматты Алмаз Алакунов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Алакунов: Жалал-Абад облусунда зыянкеч чегирткелердин саны көп болууда

Анын айтымында, ушул жылдын июль айынын башына карата алынган маалымат боюнча, жалпы республикада чегирткелерге каршы 43,8 гектар жерде изилдөө иштери жүрдү.

"Биз дайыма зыянкеч чегирткелердин уюктарын аныктоо боюнча изилдөө жүргүзүп келебиз. Чегирткенин уюктары Жалал-Абадда 14 150 гектар, Ош облусунда 5 550 гектар, Баткенде 9 500 гектар жана Чүй облусунда 1 230 гектар жерден табылган. Бул жерлер химиялаштыруу жолу менен тазаланды. Өлкөдө чегирткелердин эки гана түрү зыянын тийгизип келет. Алардын башка чегирткелерден айырмасы —  кандай гана өсүмдүк болбосун ылгабай жеп жоготот", — деди Алакунов.

Ошондой эле адис Кыргызстанда зыянкеч чегирткелерге каршы күрөшүү иштери 1920-жылдары эле башталганын кошумчалады.

Тема боюнча

Суу тартыштыгы. Чүйдө суу сактагыч жана каналдар курулат
Белгилер:
Алмаз Алакунов, айыл чарба, чегиртке

ЭҢ МААНИЛҮҮ