Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Талантбеков: баят — гүлдүн сүрөтү түшүрүлгөн жибек кездеме

© Sputnik / Асель СыдыковаМанасчи, член общественного объединения "Көйкашка" Нурбек Талантбеков
Манасчи, член общественного объединения Көйкашка Нурбек Талантбеков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.07.2021
Жазылуу
"Көйкашка" коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков "Манас" эпосунда кездешкен көөнө сөздөрдүн дагы бирин чечмелеп берди.
Учурда көптөр "баят" деген сөздүн негизги маанисин түшүнө бербейт. Бул тууралуу Нурбек Талантбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун "Көөнө сөз" рубрикасында билдирди.
Талантбеков: баят — гүлдүн сүрөтү түшүрүлгөн жибек кездеме
Анын айтымында, бул сөздүн бир-бирине окшошуп кеткен эки мааниси бар.
"Учурда "баят" деген сөздү эшитип жүргөндөр көп. Анын негизги маанисин биле бербей, көптөр базардын аталышы катары кабылдашы ыктымал. Адам ысымы дагы ушул сөз менен аталып жүргөн учурлар дагы кездешет. "Манас" баянында "алтындуу баят жамынып, баатырлар турду камынып, жаратканга сабылып, жалбарынып жалынып" деген ыр саптары кездешет. Бул сөз чоң-чоң гүл түрүндөгү сүрөттөр түшүрүлгөн жибек кездеме катары сүрөттөлөт. Дагы бир маанисинде ошол кездемеден тигилген кементай, жеңи жок желбегей катары айтылат", — деди Талантбеков.
Манасчы "баят" жана "баяз" деген сөздөрр эки башка маанини түшүндүрөрүн кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0