Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Көчөрбаев: улуттук өнөргө мамлекет сөзсүз түрдө колдоо көрсөтүшү абзел

© Sputnik / Асель СыдыковаМанасчи Самат Кочорбаев
Манасчи Самат Кочорбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.07.2021
Жазылуу
"Дастанчы" коомдук фондунун негиздөөчүлөрүнүн бири, манасчы Самат Көчөрбаев улуттун уңгусу болгон өнөрлөргө мамлекет сөзсүз түрдө колдоо көрсөтүп, жөлөк-таяк болуп турушу керектигин айтты.
ЮНЕСКО манасчы, дастанчы, төкмө акындарды материалдык эмес, руханий баалуулуктардын шедеври деп тааныган. Бул өнөргө мамлекет тараптан кандайдыр колдоо болбосо заманбап жашоодо популярдуулугу азайып, жок болуп кетүү коркунучу бар. Бул тууралуу Самат Көчөрбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Көчөрбаев: улуттук өнөргө мамлекет сөзсүз түрдө колдоо көрсөтүшү абзел
Анын айтымында, салттуу өнөр боюнча азыр мамлекеттик деңгээлдеги идеологияны жүргүзүү актуалдуу.
"Кыргызстанда салттуу музыка жаатында жакшы, алгылыктуу иштер болуп жатат. Алсак, комуз, Манас күнү, салттуу музыка жумалыгы жана "Айтыш", "Устат-шакирт" коомдук фонду, министрлик уюштурган иш-чаралар көп эле. Бирок учурда мамлекеттик деңгээлдеги идеологияны жүргүзүү актуалдуу. Биз азыр айтып жаткан иш-чаралар системалуу эмес. Майда иш-чаралар булак болсо, аны чоң дайранын агымына кошуп, инновациялык өнүгүү менен биздин салттуу баалуулуктарды таанып, сактай алабыз. Башкасын кое туралы, биз тил маселесинде кандай бечел саясат жүргүзүп жатабыз. Учурда улуттук аспап менен дүйнөлүк чыгармалар аткарылып жатат. Дүйнөлүк музыка искусствосунда фьюжн деген стиль бар. Ал — улуттук музыка менен чет элдик музыканын айкалышуусу. Бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Прогресске, жаңычылдыкка умтулган ыкма деп айтат элем. Мунун жардамы менен салттуу музыканы жайылтып, таанытса болот. Азыр жаштар комуз, сыбызгы, чопо чоордо чет элдин хитке айланган жана классикалык чыгармаларын ойноп жатышат. Бул керек болсо кыргыздын аспаптарынын сонун мүмкүнчүлүгүн көрсөтүп, айгинелейт", — деди Көчөрбаев.
Манасчы коомдун, жаштардын аң-сезимин өстүрүп, маданиятка көңүлүн бурдурса, анда өнөрдү алып жүргөн адамдар жана угармандар да сөзсүз болорун кошумчалады.
Толук вариантын төмөнкү видеодон көрүңүздөр:
Жаңылыктар түрмөгү
0