Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Кыргызбаев: вакцина алып ооруп калгандар жарым жылдан кийин кайра эмделет

© Sputnik / Табылды КадырбековСаламаттык сактоо министрлигинин Республикалык эмдөө борборунун эпидемиолог-дарыгери Азим Кыргызбаев
Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык эмдөө борборунун эпидемиолог-дарыгери Азим Кыргызбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.07.2021
Жазылуу
Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык эмдөө борборунун эпидемиолог-дарыгери Азим Кыргызбаев кадимки коронавируста антитела пайда болсо коронавирустук пневмония иштелип чыкпай турганын айтты.
Оорудан кийинки пайда болгон табигый антитела бир нече убакыттан кийин жоголуп кетет. Ал эми эмдөөдөн кийинки антитела көбүрөөк сакталат. Анын үстүнө ооруганда адам алсыз болуп, иммунитети начарлайт. Вакцина алганда адам оорубай эле антителага ээ болот. Андыктан "мен ооругам, иммунитетим бар" дебестен, вакцина алыңыздар. Бул тууралуу Азим Кыргызбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Кыргызбаев: вакцина алып ооруп калгандар жарым жылдан кийин кайра эмделет
Анын айтымында, учурда жалпы элге Sinopharm, ал эми 60 жаштан жогорку жана өнөкөт оорусу бар адамдарга "Спутник V" вакцинасы сайылып жатат.
"Кытай вакцинасы келердин алдында калкты эмдөө үчүн Саламаттык сактоо министрлиги алгоритм түзүп чыккан. Ага ылайык, эмдөө пунктулары республиканын ар бир үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлору, ФАПтарда ачылды. Аны менен бирге мобилдик топтор түзүлүп, эмдөөгө даярдалды. Алар базар жана чоң соода борборлорунда вакцинация жүргүзмөй болушту. Вакцина керектүү температурада сакталышын камсыздоо үчүн "муздак чынжыр" биз үчүн маанилүү болчу. Препаратты сактоо үчүн 2°Cден 8°C чейинки температура талап кылынат. Ал үчүн атайын сактоочу сумка алынып, камсыздалды. Вакцина ала тургандар абдан көп. Андыктан мобилдик топторду суранган ар кайсы уюмдарга да жөнөтүп жатабыз. Ошондой эле Бишкек шаарындагы башкы үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлору саат 23:00гө чейин иштеп жатышат. Ал эми вакцина алгандан 21 күн өткөндөн кийин вируска каршы иммундук жооп пайда болот, экинчи дозаны алганда антитело дагы көбөйүп организм өзүн толук коргой баштайт. Андыктан эмделгенден кийин да вирустан сактанып жүрүңүздөр", — деди Кыргызбаев.
Эпидемиолог вакцина алып ооруп калган адам жарым жылдан кийин кайра эмделиши керектигин кошумчалады.
Подкасттын толук вариантын төмөнкү видеодон көрүңүз:
https://www.youtube.com/watch?v=XlmJGr5Vecs
Жаңылыктар түрмөгү
0