Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Усубалиев: токойдун азайышы дагы мөңгүнүн эришине таасир этет

© Sputnik / Табылды КадырбековБорбор Азиялык жерди прикладдык изилдөө институтунун бөлүм башчысы Рыскул Усубалиев
Борбор Азиялык жерди прикладдык изилдөө институтунун бөлүм башчысы Рыскул Усубалиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.07.2021
Жазылуу
Борбор Азиялык жерди прикладдык изилдөө институтунун бөлүм башчысы Рыскул Усубалиев акыркы 70 жылдын ичинде мөңгүлөр 14-16 пайызга кыскарганын айтты.
Кыргызстан Борбор Азиядагы мөңгүгө бай өлкөгө кирет. Бул аймак океандардан алыс жайгашкандыктан, азыркы шартта болуп жаткан климаттык өзгөрүүлөр экологиялык абалга таасир этип жатат. Ошондуктан суу, мөңгү маселеси курч турат. Бул тууралуу Рыскул Усубалиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Усубалиев: токойдун азайышы дагы мөңгүнүн эришине таасир этет
Анын айтымында, токой аянттарынын азайышы дагы мөңгүнүн эришине таасир берет.
"Учурда глобалдык жылуулануу процессинен улам мөңгүлөр эрип, кыскарып жатат. Союз учурундагы мөңгүлөр каталогун жаңылап чыктык. Англис жана орус тилдеринде электрондук варианты да бар. Ага ылайык, мындан 70 жыл мурун мөңгүнүн саны жана чарчы метри сегиз миңден ашык болсо, Кыргызстанда ушул убакытка чейин мөңгүлөр 14-16 пайызга кыскарып кеткен. Ал эми аймактар боюнча бөлүп карасак, Таласта эң көп жоготуу болгон. Талас суу бассейни 50 пайызга азайды. Негизи батыш, түштүк-батыш региондордо климат жылуу, тоолору жапыз, ал эми түндүк-чыгышта суук, тоолору бийик келет. Мөңгүлөр дифференциалдуу жайгашып, ага жараша эрип жатат. Биздин институт жылда мөңгүлөрдүн абалына мониторинг жасап турат. Анын азайып же кышта калыбына келип жетишкенин анализдеп, мөңгүнүн массалык балансын аныктайбыз. Эгер түшкөн кар менен агып чыккан суунун көлөмүн билсек, анда мөңгүнүн масбалансын биле алабыз. Тилекке каршы, акыркы жылдары мөңгүнүн масбалансы төмөн болуп жатат. Болгондо да чоң айырмачылык байкалууда", — деди Усубалиев.
Адис Ысык-Көл, Нарын облусунун бийик тоо кыркаларында жана түштүктөгү Алай, Чоң-Алай тоолорунда мөңгүлөр жакшы сакталганын кошумчалады.
 
Жаңылыктар түрмөгү
0