Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Талантбеков: жай саратанды "чилгир" деп колдонууга болот

© Sputnik / Даниил Сулайманов"Көөнө сөз" рубрикасы
Көөнө сөз рубрикасы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.07.2021
Жазылуу
Көйкашка" коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков "Манас" эпосунда кездешкен көөнө сөздү чечмелеп берди.
"Манас" эпосунда "чилгир" деген сөз кездешет. Ал күндүн ысып турган саратан мезгилин түшүндүрөт. Бул тууралуу Нурбек Талантбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун "Көөнө сөз" рубрикасында билдирди.
Талантбеков: жай саратанды "чилгир" деп колдонууга болот
Анын айтымында, "чилгир" деген сөз Саякбай, Сагынбай манасчылардын варианттарында көп учурайт.
"Манас" эпосунун Саякбай Каралаевдин, Сагынбай Орозбаковдун варианттарында "чилгир" деген сөз көп кездешет. Маселен, улуу баянда "жай саратан, чилгир күн" деген саптар бар. Мындан улам анын күндүн абдан ысык учуру экенин аңдаса болот. Жайдын саратаны, жайдын чилдеси келди дегендин ордуна "чилгир түштү" деп койсок аптаптуу ысык убак болуп калганын түшүндүрөт", — деди Талантбеков.
Манасчы эпостогу көөнө сөздөрдү күнүмдүк турмушта колдонуу менен тилди байытууга болорун кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0