Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Адылбекова: климаттын өзгөрүп жатканына жаштар кайдыгер эмес

© Sputnik / Табылды КадырбековУчастница конференции ООН по изменению климата Кундуз Адылбекова
Участница конференции ООН по изменению климата Кундуз Адылбекова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.07.2021
Жазылуу
Климаттын өзгөрүшү боюнча БУУнун конференциясынын катышуучусу Кундуз Адылбекова экология маселесин жаштар эл аралык деңгээлде көтөрүүнү көксөп жатканын белгиледи.
Климаттын өзгөрүп жатканына жаштар кайдыгер эмес. Бул багытта жаштар улуттук деңгээлде көйгөйлөрдү айтып келсе, эми эл аралык аренада, Улуу Британияда өлкөнүн экологиялык көйгөлөрүн көтөргөн кайрылуу жасайт. Бул тууралуу Кундуз Адылбекова Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Адылбекова: климаттын өзгөрүп жатканына жаштар кайдыгер эмес
Анын айтымында, бул кайрылуу өлкөдө өткөн климат боюнча БУУнун жаштар конференциясына катышкандар көтөргөн көйгөйлөрдүн негизинде түзүлгөн.
"Соңку учурда климаттын өзгөрүүсү боюнча маселелер абдан курч турууда. Бүт дүйнөдөгүдөй эле Кыргызстанда дагы бул маселе көңүл сыртында калган жок. Ошол эле мөңгүлөрдүн эриши, токойлордун азаюусу, суу тартыштыгы сыяктуу маселелер жаштарды кайдыгер калтырбайт. Мындан улам климат боюнча БУУнун жаштар конференциясын өткөрүүгө мажбур болуудабыз. Анын алкагында эгер буга чейин жаштар улуттук деңгээлде экологиялык көйгөлөрдү айтып келген болсо, бул жолу эл аралык масштабга көтөрүүнү мерчемдеп жатабыз. Алгач конференция Ош шаарында Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын 15-17 жаштагы 200дөй баланын катышуусунда өттү. Ушундай эле иш-чара Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында болуп, ага 100дөн ашуун киши катышты. Анда климаттын өзгөрүшүнүн таасири, бул тармактагы көйгөйлөрдү чечүү боюнча сунуштарды дагы беришти. Жыйынтыктоочу конференция өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал жакшырса августун соңунда Бишкек шаарында өтөт деген пландар бар. Бул иш-чараларда топтолгон материалдардын негизинде кайрылуу даярдалып, Улуу Британиянын Глазго шаарында өтө турган конференцияда кыргыз жаштарынын атынан презентация жасалат", — деди Адылбекова.
Ал конференциядагы кайрылууга республикадагы жаштардын онлайн чогултулган пикири да эске алынганын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0