Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Ибраева: буудайдын ширесин астмасы, аллергиясы бар адамдар ичкенге болбойт

© Sputnik / Асель СыдыковаПредприниматель Тина Ибраева
Предприниматель Тина Ибраева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.07.2021
Жазылуу
Ишкер Тина Ибраева буудайдын сабагынан жасалган ширенин организмге пайдалуу жактарын айтып берди. Ал мындай иш менен жети жылдан бери алектенип келет.
Буудайдын сабагынын ширеси бүгүнкү күндө хлорофиллдин мыкты булактарынын бири. Бирок көбүрөөк пайда алуу үчүн хлорофиллди түздөн-түз тирүү өсүмдүктөн шире катары кабыл алуу керек. Бул тууралуу Тина Ибраева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Ибраева: буудайдын ширесин астмасы, аллергиясы бар адамдар ичкенге болбойт
Анын айтымында, жети жылдан бери буудайдын сабагынан шире жасайт.
"2007-2008-жылдары апам Паркинсон оорусу менен ооруп калды. Дарыгерлердин айтымында, боор шлакка толгондо ушул оору келип чыгышы мүмкүн экен. Биз органдарын дары-дармек менен тазалаганга аракет кылдык. БАД, ар кандай нерселерди ичти. Жалпы ден соолугу начарлап, алсыз болуп калган эле. Ошентип отуруп буудайдын ширеси тууралуу интернеттен окуп калдым. Буудайды өстүрүп, сабагынан шире сыгып алып апама берип баштагам. Бир жылдын ичинде ширени туура жасаганды үйрөндүм. Жакшы жыйынтык болду. Ошондон баштап шире жасоого уруксат берген сертификат алып цех ачып, азыркы күнгө чейин шире жасап келем. Ал үчүн сүмөлөккө даярдагандай эле буудай өндүрүлөт. Бирок анын данын эмес, сабагын колдонобуз. Өнгөн буудайдын сабагынан жасалган шире кандын жана ткандардын калыбына келишине, ошондой эле ашказан, ичеги-карындын жакшы иштешине өбөлгө түзөт. Ал эми аталган ширени астмасы бар, буудайга аллергиясы бар адамдарга ичкенге болбойт", — деди Ибраева.
Ал сыгылган ширени кутучаларга куюп муздаткычка тоңдуруп коюп бир жылга чейин сактаса болорун кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0